СТУДЕНТТЕР ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 31.03.2021
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Гуманитардык факультетинин Аймак таануу адистигинин жамааты “Күн чыгыш өлкөсүнө саякат” аталышындагы маданий иш-чара өткөрдү.

СТУДЕНТТЕР ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Иш-чарада студенттер япон элинин кимоно улуттук кийимдерин кийип, йосаку, аниме бийлерин бийлеп, икебаналарды жасашты. Ошондой эле япондордун улуттук даамдары болгон суши жана сорпонун жасалуу ыкмаларын көргөзүштү.

Мындан сырткары япон, кыргыз тилдеринде чыгармаларды дагы аткарышты.

Студенттердин япон маданиятына кызуу аралашып жатканы эки элдин достугун арттырган көпүрө болуп берээри анык.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер