СТУДЕНТТЕР ТИМ ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
- 19.10.2023
- 0
Ош технологиялык университетинде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан студенттер менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин биринчи катчысы С.Жумакадыр уулу, Консулдук департаменттин атташеси Н.Исмаилов жана аталган министрликтин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси М.Ч.Ташиев, ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Акматалиев, эл аралык бөлүмдүн кызматкерлери жана студенттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы кабыл алган “Тышкы миграция туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамы”, виза алуу ж.б. туурасында студенттердин суроо-сунуштары айтылып, көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Комментарийлер