СТУДЕНТТЕР ОКУУ ТӨЛӨМҮН АЗАЙТУУ МАСЕЛЕСИН КАЙРАДАН КӨТӨРҮШТҮ

  • 15.02.2021
  • 0

Бүгүн студенттер окууга болгон төлөмдү азайтуу маселесин кайрадан көтөрүп чыгып, Билим берүү жана илим министрлигине келишти. Аларды министрдин орун басарлары, тийиштүү адистер кабыл алып, суроолоруна жооп беришти.  

СТУДЕНТТЕР ОКУУ ТӨЛӨМҮН АЗАЙТУУ МАСЕЛЕСИН КАЙРАДАН КӨТӨРҮШТҮ

Студенттер окууга болгон төлөмдү жок дегенде 30% төмөндөтүп берүү талабын коюшту. Андан сырткары университеттерге окуу төлөмүнөн түшкөн каражаттардын сарпталышы боюнча отчет беришин талап кылышты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров окуу акысын төмөндөтүү маселеси Каржы министрлиги менен биргеликте  каралып жатканын айтып, студенттерди бир аз күтө турууга чакырды. Окуу жайларга болсо каражаттардын сарпталышы боюнча студенттерге жана коомчулукка отчет берүү тапшырмасы берилерин айтты.

  • Эртеңден баштап ЖОЖдорго массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык отчет берүү талабын коебуз. Алар буга чейин деле Окумуштуулар кеңешинде Камкорчулар кеңешине отчет берип келишкен. Ага активист студенттер дагы катышчу, — дейт Нурлан Омуров.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер