СТУДЕНТТЕРДИ АЛМАШУУ САПАТТЫ ЖАКШЫРТАТ

  • 27.02.2023
  • 0

СТУДЕНТТЕРДИ АЛМАШУУ САПАТТЫ ЖАКШЫРТАТ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев педагогдорду даярдаган жогорку окуу жайларга студенттер менен алмашууну практикалап көрүүнү сунуштады.   

Министр бүгүн ректорлор менен болгон жолугушууда студенттер ар бир курсун башка окуу жайлардан окуса мыкты натыйжасын бере тургандыгын айтып, жетекчилерди бул сунушту практикалап көрүүгө чакырды.

  • Мисалы, бир студент Ош мамлекеттик педагогикалык университетине тапшырса, биринчи курсту ошол жактан окуп, экинчи курсун Ысык-Көл мамлекеттик университетинен улантып, үчүнчү курсун И.Арабаев атындагы КМУдан окуп, акыркы курсун Баткен мамлекеттик университетинен бүтсө эң жакшы натыйжасын бермек. Бул бир катар маселелерди чечет. Биринчиден, бөлүнүү жоюлат. Баткенге барган ар бир киши патриот болуп келет. Себеби ал жакта ар бир жаран чек арачы. Экинчиден, интеграция болмок. Үчүнчүдөн, куда күтүп, ынтымак бекемделмек. Төртүнчүдөн, көлдүктөр Ошко барса окуган жеримди уят кылбайын, өзүм да уят болбоюн деп жакшы окумак. Кыргыздын куралы — намыс. Ушул жагын өз ара чечип алсаңыздар. Анан БатМУга барылап жардам берсеңиздер. Ондон студентин алып, окутуп берсеңер эң сонун болмок. Экинчи деңгээлин мен чечейин. Мисалы, физиктерди эң жакшы даярдаган окуу жайдын элүү студенти Новосибирскийге барып жок дегенде бир семестр окуп келсин. Казакстандын эки жүздөн ашуун студенти бул жакка келсин. Мындай реформа жыйынтыгын кийинчерээк берет, — дейт министр.

Каныбек Капашович бул идеяны ишке ашыруу үчүн бүгүн Билимкананын негиздөөчүсү Төлөн Тойчубаев менен да жолугуп, сүйлөшө турганын, ал ачып жаткан университеттин артыкчылыктарын жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

  • Төлөн Тойчубаев университет ачып жатат. Анын студенти 1-курсту Кыргызстандан окуса, 2-курсту Казакстандан, 3-курсту Грузиядан, 4-курсту Европадан бүтөт. Бизге да ушундай идеялар, алдыңкы тажрыйбалар керек. Биз анын лабораториясын бекер пайдалансак болот. Азыр бизде ушуга окшогон акча коротпой туруп ички менеджментти туура пайдала турган көп мүмкүнчүлүктөр бар, — дейт ал.

Ч.Кийизбаева, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер