«МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ»

  • 03.12.2019
  • 0

 Жаштар арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата калыптанган көз карашты жана аларга карата кысымды жок кылуу максатында 2-декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары” аттуу  болуп өттү.

"МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ""МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ"Сынак адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганынын 71 жылдыгына жана 10-декабрь — Адам укуктарынын коргоо, 3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулуп, КР PRI  (Эл аралык түрмө реформалары), КР Шайлоо системасы эл аралык фонду жана Борбордук «Евразия» фонду тарабынан каржыланды.
Иш-чарада Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев мындай сынак экинчи жолу өткөрүлүп жатканын, мындан ары дагы салт катары улантуу зарылдыгын баса белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүн толук кандуу адам катары сезиши үчүн мамлекет аларга жайлуу шарт түзүп бериши керектигин айтып өттү.

"МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов болсо коомго ушундай иш-чаралар керек экенин, себеби оюн-зоок, кароо-сынактар аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосуна үңүлө аларыбызды айтты. “Бул адамдар биздин арабызда жашашат, алар силердин аёоңорго муктаж эмес, алар силердин колдооңорго муктаж. Алардын бирине жолдон өткөрүп жардам берсеңер, бирине жөн гана жылуу сөз айтып, ал эми экинчиси менен чогуу бир жерге барып, башкасына керектүү нерсесин сатып берип жардам кыла аласыңар. Андыктан силерди боорукер, адамкерчиликтүү болууга чакырам”, — деди.

"МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН УКУКТАРЫ"

Сынакта Бишкек мамлекеттик университетинин “Миротворцы БГУ”, Борбор Азиядагы эл аралык университеттин “Биримдик”, Кыргыз улуттук университетинин “LURA DEFENSORES”, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын “Люди в белом”, Кыргыз мамлекеттик университетинин “Жаш жардамчылар” жана “Эркиндик” топтору күч сынашышты.

Алар алагач өздөрүн тааныштырышты. Анда калыстар топтун аталышы тема менен үндөш болушуна, эмблеманын дизайнына жана тапкычтыгына баа беришти. Экинчи тапшырма театрлаштырылган конкурс болуп, топтор майыптыгы бар адамдардын жашоосунан алынган көйгөйлүү көрүнүштөрдү сахналаштырышты. Брейн-ринг, т. а. суроо-жооп тапшырмасында топтор адам укуктары жаатындагы билимин көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери алдыга озуп чыгышып, гран-прини жана КР Акыйкатчысынын кубогуна ээ болушту. Биринчи орунга болсо Борбор Азиядагы эл аралык университеттин “Биримдик” тобу чыкса, экинчи орунду Бишкек мамлекеттик университетинин “Миротворцы БГУ” тобу алды. Кароо-сынакка катышкан ар бир топко демөөрчүлөр тарабынан даярдалган баалуу белектер, китептер ж.б. ыйгарылды. Иш-чарага жигердүү катышкан студенттерге КР Акыйкатчысынын дипломдору жана Ардак грамоталары тапшырылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер