СТУДЕНТТЕР ДА САЛТТУУ РЕЖИМДЕ ОКУШАТ

  • 14.09.2021
  • 0

2021-2022-окуу жылы башталгыч,  орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында да 15-сентябрда  салттуу режимде башталат.  Билим берүү жана илим министрлиги  билим берүүнүн сапатын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окутуунун коопсуз шарттарын камсыздоо максатында атайын алгоритм иштеп чыкты.

Баарыбызга белгилүү болгондой, студенттер дагы мектеп окуучуларындай эле бир жылдан ашуун убакыт аралыктан билим алышты. Билим уясын сагынып, окуу жылынын салттуу башталышын күтүштү. Эми алар министрлик иштеп чыккан алгоритмди сактоого милдеттүү. Себеби оору бизден алыстап кеткен жок жана жугуштуу оорулар сезону дагы алдыда турат.

Министрликтин буйругуна ылайык, ар бир окуу жайы окуу процессин, экзамендик сессияны, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны, консультацияларды, өндүрүштүк практиканы уюштуруу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимдин талаптарын эске алуу менен ички документтерди/колдонмолорду иштеп чыгуусу керек. COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча, анын ичинде вакцинация жана эпидемияга каршы режимди сактоо, окуучулар, окутуучулар жана кызматкерлер үчүн маалыматтык кампанияларды өткөрүү үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуусу абзел. Окуу жараянын болсо атайын иштелип чыккан алгоритм боюнча жүргүзүүгө милдеттүү болушат.

Алгоритмге ылайык, окутууну салттуу форматта уюштурууда окуу жайдын ичинде бир учурда студенттердин минималдуу саны болгондой окуу сабактарынын ийкемдүү ырааттамасын түзүүсү зарыл. Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияда студенттердин топтолуусуна жол бербөө керек.  Азырынча  массалык иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынат.

Студенттер менен окутуучулардын арасында тынымсыз байкоо жүргүзүлүп, эмдөөдөн өткөн студенттер учетко алынышы керек. Эгерде ооруп калган студенттердин жана окутуучулардын саны көбөйсө кырдаалга жараша дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин аралыктан уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралат. Студенттердин жана окутуучулардын арасында COVID-19 алдын алуу чаралары жана вакцина алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт. Мисалы, атайын лекциялар уюштурулуп, видео роликтер, материалдар окуу жайлардын сайттарына жайгаштырылат.

Чет өлкөлүк студенттерге  окуу процессине  катышууга эмдөө жөнүндө сертификат болгон учурда гана  уруксат берилет. Студенттерди жатаканаларга жайгаштырууда коронавирус инфекциясына каршы эмделгенин тастыктаган документтерди талап кылуу сунушталат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте, билим берүү мекемелеринде окутуучулар жана кызматкерлер үчүн эмдөө пункттарын уюштуруу дагы жетекчилерге жүктөлдү.

 

СТУДЕНТТЕР ДА САЛТТУУ РЕЖИМДЕ ОКУШАТ

САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТОО

 Ар бир окуу жайда жана жатаканаларда сөзсүз түрдө кирүү фильтри  уюштурулат. Талап боюнча ал колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзер жана электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылышы керек. Кирүү фильтрине жооптуу адам имаратка кирген баардык адамдардын дене табын контактсыз өлчөп, жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзөт жана ал жөнүндө кыскача сураштырат. Имаратка кирүү учурунда адамдардын ортосундагы 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышын камсыздап, дене табы жогору болгон жана/же инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо сыпайы жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылууну сунуштайт.

Окуу имараттарына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат. Аны дагы талаптагыдай, оозду, мурунду жана ээкти жапкандай кылып тагынуу зарыл. Окуу жайдын, кафедранын кире бериш жеринде беткап режимин сактоо, колдун гигиенасы, жөтөл этикетин сактоо жөнүндө маалыматтар илинип турууга тийиш.

Физикалык аралыктын сакталышын көзөмөлдөө дагы катуу талап кылынат.  Адамдардын ортосунда минималдуу 1-1,5 метрден кем эмес физикалык аралыкты сактоо зарыл. Ошол эле учурда бул физикалык аралыкты ар бир жерде: окутуу аудиторияларында, фойеде, көчөдө сактоо керек. Физикалык контакттан, анын ичинде кол берип саламдашуу жана кучакташуудан баш тартуу зарыл. Адамдардын топтолуусунан жана адамдар көп чогулган жерлерге баруудан, сабактардан кийин жана бош убакытта биргелешип убакыт өткөрүүдөн баш тартуу керек.

Ар бир сабактан кийин, студенттер жок болгон учурда жок дегенде эки саатта бир жолудан окуу бөлмөлөрүн, лекциялык залдарды, спорт залды, окутуу устаканаларын желдетип туруу талап кылынат. Мүмкүнчүлүккө жараша аба чөйрөсүн дезинфекциялоону абаны зыянкечтерден тазалоо үчүн шаймандарды колдонуу менен камсыздоо (бактерициддик рециркуляторлор, кварц лампалары) керек болот. Аба ырайынын шарттарын эске алуу менен дене тарбия сабактарын ачык абада өткөрүү сунушталат.

Танапис учурунда (күнүнө эки жолудан кем эмес) жана сабактар бүткөндөн кийин жумушчу орундарды, полду, эшиктин туткаларын, азык-түлүк блокторунун имараттарын, эмеректерди, санитардык түйүндөрдү, крандардын вентилдерин, унитаздардагы бочоктордун баскычтарын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоону уюштуруу зарыл.

Жатаканаларда болсо  студенттердин ден соолугуна күн сайын көзөмөл кылынып, алардын дене табын текшерип,  инфекциянын белгилери боюнча сурамжылоолор уюштурулушу керек.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер