СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ПРАКТИКАЛЫК ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ

  • 02.03.2022
  • 0

М. Рыскулбеков атындагы Экономика жана сервис колледжи өткөн жумада «Туризм» жана «Мейманкана жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу» багытынын 2-3-курсунун студенттери үчүн «Бишкек шаарынын обзордук экскурсиясы» деген темада окуу практикалык экскурсия уюштурду.

Студенттер борбордук Ала-Тоо аянтына, Ч.Айтматов атындагы Эмен паркына ж.б. жерлерге барып, чоң жана кичи топтор үчүн шаардык сейилдөө турларын өткөрүүнү үйрөнүштү.

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ПРАКТИКАЛЫК ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ

Мындан сырткары, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине, М.Фрунзе атындагы үй музейине жана музейдин сүрөт галереясына барышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер