СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН  ОНЛАЙН ЛЕКЦИЯЛАР

  • 10.03.2021
  • 0

Ош технологиялык университетинин физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасында машина куруу адистигинде окуган студенттери үчүн Фольксваген фондунун эксперти (Германия), Саксония-Анхальт университетинин профессору, Клаусталь техникалык университетинин Россия, Кавказ  жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, техника илимдеринин доктору Рыспаев Талант “Германиядагы жогорку билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана машина куруу тармагынын өнүгүү этаптары” аттуу темада онлайн конок лекция өттү.

Лекцияга кафедранын окутуучулары, студенттери катышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Ошондой эле окутуучулардын Германиядагы аталган университеттерден стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жана студенттердин Германия мамлекетине барып окуу шарттары талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер