Студенттер үчүн Face ID көзөмөл системасы орнотулууда

  • 30.09.2024
  • 0

Кесиптик окуу жайдын студенттери сабакка кандай катышканын, тамак-аш, стипендия кандай берилип жатканын текшерүү  үчүн заманбап көзөмөл системасы киргизилип жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Cпутник Кыргызстан радиосундагы маегинде кабарлады.  

Face ID көзөмөл жана башкаруу системасынын орнотулуш максаты — студенттердин келип-кетүүсүн, тамак-аш, стипендия алуусун жана алардын ачык-айкын болуусун көзөмөлдөө. Расул Абазбек уулунун айтуусунда, орнотуу иштери жазында башталган. Азыр Бишкек шаарындагы 16 лицейдин 14үнө коюлуп бүткөн. Кийинки этапта аймактарга коюла баштайт.

Ошондой эле ал аталган көзөмөл системасын келечекте башка дагы программалар менен бириктирүү пландалып жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер