СТУДЕНТТЕР АЙЫЛ-ЧАРБА ДОЛБООРУНА КАТЫШТЫ
- 26.05.2023
- 0
Араван районундагы Бостон айылында TES- Centre тарабынан уюштурулган «Араван районундагы дыйкандардын эрте бышчу жашылчаларды өндүрүүдөгү ресурс үнөмдөөчү технологияларды көрсөтүү» аталышындагы иш-чарага Ош технологиялык университетинин айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын окутуучулары менен студенттери катышты.
Иш-чаранын максаты — долбоорго катышкан фермерлерге жана башка кызыккан тараптарга ресурс үнөмдөөчү технологияларды жана эрте бышчу жашылчалардын агротехнологиясын көрсөтүү. Студенттер бул иш-чарадан айыл-чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүгө байланышкан кеңири маалыматтарга ээ болуп, бул багытта өндүрүштө иштеп жаткан жаңы заманбап технологиялар менен таанышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер