СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА ӨТКӨН “ЖЕҢИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ” АТТУУ ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
- 01.06.2020
- 0
Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Жеңиш ырын ырдайбыз” аттуу студенттер арасында өткөн республикалык онлайн фестиваль-сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Жогорку жана орто окуу жайлардын студенттеринен фестивалга жалпы 400дөн ашуун материалдар келип түштү. Ал эми катышкандардын саны 1000ден ашты.
Жыйынтыгында обондуу ырлар номинациясында Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Искендер Токтогулов 1-орунду, Ош гуманитардык -педагогикалык институтунун 4-курсунун студенти Майрамбек Шакиров 2-орунду алды.
Монолог окуу боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Уланбек кызы Гулнур, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти;
2-орун — Кеңешбек кызы Уулкан, Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти жана Дүйшөева Аяна Ысык-Көл индустриялдык-педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти,
3-орун- Кудайберди Арапбаев, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин алдындагы Жалал-Абад колледжинин 1-курсунун студенти, Акжол кызы Орозгүл, Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти жана Темирлан Маликов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти.
Көркөм окуу боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Бектур Калиев, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенти;
2-орун — Бакытбек уулу Улукман, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулушш, транспорт жана архитектура университетинин 3-курсунун студенти.
Кызыктыруучу сыйлыктар:
- Уланбеков Эдил, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 1 -курсунун студенти;
- Касыяров Тилекмат, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык -педагогикалык колледжинин 1- студенти;
- Рыскулбекова Бегимай, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 2-курсунун студенти;
- Асанбекова Дамира, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти;
- Атаналиев Марсель, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти;
- Рустамов Руслан, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 4-курсунун студенти;
- Калмуратова Элес, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма теартынын алдындагы театралдык окуу жайынын 3-курсунун студенти;
- Чолпонбай кызы Нурсара, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 1-курсунун студенти.
Байгелүү орунду алгандарга диплом, планшет, смартфон жана букридер берилет. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болгондорго китеп сатып алуу үчүн 3 миң жана 2 миң сомдук сертифкаттар тапшырылат. Ошондой эле фестивалга катышкан бардык студенттер фестивалдын дипломанты сертификаты менен сыйланат.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер