СТУДЕНТТЕР АРАЛАШ ФОРМАДА ОКУЙ БАШТАДЫ

  • 21.01.2021
  • 0

Жогорку, орто жана баштапкы кесиптик окуу жайлары жазгы семестрди  окуу графигине жараша гибриддик (аралаш) формада баштоодо.  Баардык окуу жайларда окуу графиги бирдей эмес. Айрымдарында кышкы каникул 17-январда бүтсө, кээ биринде 24-январда аяктайт. 1-фералдан баштап окуй тургандары да бар. Кышкы сессия эми бүтүп, каникулга жаңы чыгып жаткандары да бар.  

Билим берүү жана илим министрлигинин берген уруксатына жараша даярдоонун баардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери менен магистранттары, медициналык адистиктердин студенттери гана толугу менен реалдуу режимге кайтышууда. Алар талап боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактап, коюлган талаптарды аткарууга тийиш.

СТУДЕНТТЕР АРАЛАШ ФОРМАДА ОКУЙ БАШТАДЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ

Учурда толук реалдуу режимге Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы гана өттү. Калган окуу жайларда бүтүрүүчү курстар менен медициналык адистиктердин студенттери гана кайтып келишүүдө.

КММАда 18-январдан бери дарылоо иши, стоматология жана медициналык профилактикалык иш  факультетинин 4-курсунун студенттери реалдуу окуп жатат. Калган факультеттери 25-январда жана 1-февралда окуй башташат. Академиянын ар бир окуу корпусунун жана жатаканаларынын кире бериш жеринде “кирүү фильтри” коюлуп, колду дезинфекциялоо үчүн антисептиги бар санитайзерлер, электрондук термометр менен (контактсыз) жабдылып, ар бир кирген адамдын дене табы текшерилүүдө. Студенттерге аралыкты сактоо, беткап режими, учурашуу, көп адамдар топтолгон жерге барбоо, сабактардан кийин жана бош убакытта биргелешип убакыт өткөрүүдөн баш тартуу, массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн болтурбоо, колдун гигиенасын, жөтөл этикетин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

  • Студенттердин санын минималдуу кылдык, бир группада 10-12 кишиден ашырган жокпуз. Сабактардын жүгүртмөсүн ийкемдүү кылып түздүк. Танапис учурунда студенттердин баарлашуусун минималдаштыруу боюнча чараларды көрүп, коридорлордо, имаратка кире бериш жерде жана аудиторияда студенттердин топтолуусуна жол бербөөгө аракет кылып жатабыз, — дейт окуу иштерин уюштуруу секторунун башчысы Жолдошбек Белеков.

Ош   мамлекеттик университетинде болсо окуу аралаш формада 1-февралдан башталат. Бүтүрүүчү курстар жана медициналык билим берүүчү факультеттерде, колледждерде гана окутуу офлайн форматында жүргүзүлөт. Учурда даярдык иштери жүрүүдө. Окуу-процессинин уюштурулушу, сабактардын жадыбалдары менен иштөө жана  санитардык-гигиеналык талаптарды, эпидемияга каршы режимди эске алуу ж.б. боюнча студенттер үчүн тарбиялык сааттар, адаптациялык семинарлар уюштурулат.

Окуу-процесси ScheduleAVN.ехе программасын колдонуу менен сабактардын электрондук жадыбалын түзүү аркылуу уюштурулат. Башкача айтканда, студенттер окуп жаткан сабактарынын интерактивдүү электрондук  жадыбалын KelBil мобилдик тиркемесин жүктөө менен көрөт жана колдоно алышат. Шартка байланыштуу интерактивдүү электрондук жадыбалга жаңы өзгөрүүлөр киргизилди. Мисалы, сабак өтүлүүчү аудиториядан сырткары, “онлайн универсалдуу аудиториясы” деген  термин кошулду. Анын негизги максаты офлайн окуй турган студенттердин санын азайтуу болуп саналат.

Реалдуу режимде окуу жайга келип билим алууга шарты жок же болбосо кандайдыр бир себептер менен келе албайбыз деген студенттер үчүн онлайн форматында билим алууга да шарттар түзүлүүдө.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болсо окуу 25-январдан, колледждеринде 1-февралдан башталат.  Учурда окуу процессин аралаш окутуу форматында баштоо үчүн даярдыктар жүрүүдө. Сабактардын жүгүртмөсү ийкемдүү график менен түзүлдү.

COVID-19 жайылышын алдын алуу жана эпидемиялык режимди сактоо боюнча студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн маалыматтык материалдар иштелип чыкты.

Бул окуу жайда дагы баардык багыттагы бүтүрүүчү курстар жана магистранттар гана толугу менен реалдуу режимде окушат. Калган кенже курстар үчүн аралаш окуу форматы колдонулат. Ал үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты.

— Баардык лекциялар аралыктан окулат. Бакалаврларды жана адистерди даярдоо багытындагы «Гуманитардык жана социалдык-экономикалык цикли», магистранттарды даярдоо багытындагы «Жалпы илимий цикли» боюнча практикалык сабактар ​​дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен аралыктан өткөрүлөт. «Математикалык жана табигый илимдер цикли» боюнча атайын материалдарды, жабдууларды жана шаймандарды колдонуу талап кылынбаган учурларда практикалык жана лабораториялык сабактар аралыктан, ал эми талап кылынган учурда  салттуу форматта окутулат. «Кесиптик цикл» боюнча практикалык жана лабораториялык сабактар ​​жана окуу программасында каралган практиканын баардык түрлөрү салттуу форматта уюштурулат, — дейт окуу жайдын маалымат катчысы.

СТУДЕНТТЕР АРАЛАШ ФОРМАДА ОКУЙ БАШТАДЫ

КЕСИПТИК ОРТО ОКУУ ЖАЙЛАРЫ

Жогорку окуу жайлары менен бирге эле орто кесиптик окуу жайлары дагы аралаш окутуу форматына өтүшөт. Аларда дагы окуу графиги бирдей эмес. Мисалы, Нарын медициналык колледжинде жазгы семестр салттуу режимде 25-январда башталат. Учурда даярдык иштери жүрүүдө. Окуу корпусу жана окуу бөлмөлөрү дистанттык термометрлер, санитайзерлер, бактерициддик лампалар, санитардык килемчелер, өздүк коргонуу каражаттары менен толук камсыз болуп, студенттердин келишин гана күтүшүүдө.

Ал эми Кыргызстан Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинде болсо айрым адистиктер үчүн экинчи семестр 18-январдан башталып, аралаш формада окуп жатышат. Көбүндө сабак 8-февралда башталат. Бул окуу жайда дагы лекциялык сабактар аралыктан, практикалык сабактар реалдуу режимде өтөт.

МЕДИЦИНАЛЫК АДИСТИКТЕР

Реалдуу режимге толугу менен өтүп жаткан медициналык окуу жайлар өз мекенине кетип, кайра келе албай жаткан чет өлкөлүк студенттер үчүн окууну онлайн форматта улантат. Учурда баардык студенттерге окуу реалдуу режимде башталып жатканы боюнча маалыматтар жөнөтүлүүдө. Чек арасы ачылып, авиакаттамдар калыбына келтирилген мамлекеттердин студенттери болсо  “COVID-19”  текшерилгенден кийин гана окуу процессине  катышууга уруксат берилет. Ал эми пандемия учурунда мекенине кетпей, Кыргызстанда калып калган студенттер болсо реалдуу режимде окуй беришет. Мындай студенттер Медициналык академияда бар. Алар азыр Таш-Дөбөдөгү кампуста жатып, окуп жатышат. Алар үчүн толук шарт түзүлгөн.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер