“СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС”

  • 05.12.2019
  • 0
 “СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС”

Ош мамлекеттик университетинде  окуу жайдын 80 жылдык юбилейине  арналган “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VI аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.  

 “СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС”

Конференцияга  республиканын түштүк аймагындагы  жогорку окуу жайларынан алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

 “СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС”

Пленардык жыйында  ОшМУнун студенти Азизилла уулу Эгемжар «Билим берүү системасын санариптештирүү жана андан күтүлүүчү натыйжалар»,  Кыргыз-Өзбек университетинин студенти  Орозалиева Акмөөр  «Чудеса корана. Научные и исторические феномены»,  БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенти Полотбек   кызы  Динара  «Менталдык арифметиканы үйрөнүүнүн таасири», Ш. Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин студенти Апсатаров Уран  «Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында  туризм тармагын өнүктүрүү: көйгөйлөр жана перспективалар», ОшМУнун  студенти Маккамбаева Латофат  «Оптимизация методов повышение  иммунитета», БатМУнун Сүлүктү аймактык институтунун студенти Узакбай уулу Кайратбек “Тил – элдин байлыгы жана баалуулугу” деген темаларда баяндамаларды жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши  “Информациялык технологиялар”, “Педагогика, окутуунун технологиялары жана билим берүүнүн маселелери”, “Дифференциялдык теңдемелер”, “Тарых,  философия жана дин таануу”,  “Филология”, “Табигый илимдер жана медицина”, “Экономика”, “Менеджмент”  илимдери  боюнча секцияларда улантылды.

“Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы конференция окуу жайыбыздын 80 жылдык юбилейине арналып өткөрүлдү.  Иш-чаранын максаты – студенттерди илимий-изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт.   Конференцияга 150гө жакын  илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды”, − деди Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер