СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ

  • 13.04.2024
  • 0

СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУБишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль тагынды.

Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында дагы Азия чемпиону болгон.

Финалдык беттешке чейин Тайырбек эки беттеш өткөрдү. Чейрек финалда ал Түндүк Кореядан келген балбан Кум Чой Рини 5:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Реза Атрини 11:7 эсебинде утуп, финалга чыгып, баш байгеге талапкер болгон.

СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ24 жаштагы Тайырбек Жумашбек уулу былтыртан баштап чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет. Ал 2022-жылы 23 жаштагылар арасында Азиянын чемпиону болуп, адистердин көңүлүн бурган. Ошол эле жылы Испанияда өткөн  23 жаштагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.   2023-жылы Египетте өткөн Ибрахим Мустафа атындагы эл аралык рейтингдик мелдешти алтын, дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болгон.

СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУТайырбек Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулуп, өскөн. Төрт бир туугандын кенжеси. Агасы жана эки эжеси бар. 2011-жылдан бери эркин күрөш менен машыгат. 2016-жылы Россиянын Якутск шаарында өткөн Азия балдары эл аралык оюндарында коло байге утуу менен чоң  спортко тушоосу кесилген.  Шералы Сыдыков атындагы спорт колледжинде таалим-тарбия алган. Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясынын машыктыручулук факультетинде 4-курста окуйт.

СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУТайырбек Жумашбек уулу:  “Келечекте олимпиадалык салмак категориясына өтүп, олимпиада оюндарына жолдомо алып, олимпиада жана дүйнө чемпиону болсом. Мага олимпиаданын үч жолку чемпиону, россиялык Бувайсар Сайтиевдин күрөшкөнү жагат. Мен дагы ушул чемпиондон үлгү алып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам ”- деп тилек кылып жүрөт.

СТУДЕНТ ТАЙЫРБЕК ЖУМАШБЕК УУЛУ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУСтудент Тайырбек Жумашбек уулу Кыргызстандын эркин күрөш тарыхында Азия чемпиондугун эки жолу катары менен жеңүүгө жетишкен биринчи балбан болуп калды. Буга чейин Магомед Мусаев үч жыл катары менен финалга чыгып, бирок чечүүчү кармашта 3 жолу тең жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер