СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 13.04.2024
  • 0

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ13-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мелдештер курч мүнөздө өтүп, кыргызстандык күрөш күйөрмандарын кубанткан жеңиштер болду.

Бул күнү кыз-келиндер күрөшүндө 5 комплект медалдар үчүн мөрөй талашуулар өттү. Мында килемдеги беттешүүлөрдө Кыргыз Республикасынын намысын 4 балбан кыз коргоду. Алардын ичинен  Азия оюндарынын  чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, 2022-жылкы Азия чемпиону Айпери Медет кызы чеберчилигин көрсөтүп, экинчи ирет Азиянын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

76 кг. чейинки салмакта  Айпери Медет кызы  финалда кытайлык Юанюан Хунг менен беттешип, атаандашын 10:7 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда  Айпери Медет кызы индиялык Прияны 3:1 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыккан.  Айперинин жарым финалдагы атаандашы Казакстандын атактуу балбаны, Рио-де-Жанейро олимпиадасынын коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия чемпионаттарынын 5 жолку жеңүүчүсү Эльмира Сыздыкова болуп, күч сынашуу курч мүнөздө өттү. Алгачкы бөлүктө Эльмира артыкчылык кылып жатса, экинчи бөлүктүн акыркы мүнөттөрүндө Айпери чеберчилигин жана мыкты даярдыгын айгинелеп 5:1 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын финалына чыкты. Ошентип 25 жаштагы Айпери Медет кызы 2021- жана 2023-жылкы Азия чемпионаттарынын финалында жеңилип калганы үчүн Эльмира Сыздыкованын өчүн алды.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАзия чемпиондугу үчүн чечүүчү күрөштө Айпери атаандашы кытайлык Юанюан Хуангды дагы жеңип, кыргыз калкын сүйүнүчкө бөлөдү.

Айперинин атасы фермер,  апасы орус тил мугалими

Атактуу балбан кыз Медет кызы Айпери 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Айтматов районунун Оро айылында туулган.

Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тили боюнча мугалим. Айпери — беш бир туугандын үчүнчүсү. 14 жашынан бери эркин күрөш менен машыгат. Улуу агасы көк-бөрү чебери. Эжеси жөө күлүк. Чоң ата, чоң энесинин колунан таалим-тарбия алган. Атактуу балбан, Токио олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова менен кластташ. Кумир туткан балбаны Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАйпери бош убактысында китеп окуганды жактырат. Сүйүктүү жазуучулары, кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар даанышман жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен оратор жазуучу Брайан Трейси.

Айперинин билими:

  • 2005-2014-жылдары Айиматов ( мурдакы Бакай-Ата) районунун Биринчи май айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган.
  • Андан кийин Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинде таалим-тарбия алган.
  • 2020-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетин бүткөн.
  • Учурда Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясынын 5-курсунун студенти.

Айперинин спорттук жетишкендиктери:СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионтатында күмүш медаль;
  • 2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль;
  • 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Азербайжанда өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль;
  • 2018-жылы Индияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль;
  • 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль;
  • 2019-жылы Будапешт шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
  • 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда күмүш медаль;
  • 2021-жылы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде алтын медаль;
  • 2021-жылы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;
  • 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2012-жылы Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль,
  • 2021-жылы Белградда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чепионатында алтын медаль,
  • 2022-жылы Улан-Батордо өткөн Азия чемпионатында алтын медаль, чемпион аталган,
  • 2023-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль,
  • 2023-жылы Белградда өткөн  дүйнө чепионатында күмүш медаль жана Париж олимпиада оюндарына жолдомо уткан.
  • 2023-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медаль, чемпион болгон.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын дүйнөлүк аренада таанытып, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана Токио  олимпиадасынын катышуучусу. “Даңк” медалынын ээси.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАлгачкы устаты,Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров. Бул устат Мээрим Жуманазарованын атасы.

Учурдагы машыктыруучусу, өлкөбүздүн башкы устаты, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков ушундай ийгиликтерге жетүүсүнө көп мээнет кылып келүүдө. КРдин эмгек сиңирген машыктыруучу, улук устат Байгазы Кенжебаевдин дагы салымы зор.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУАрууке менен Гүлнуранын коло байгелери

Ал эми 55 килограмм салмакка чейинки беттешүүлөрдө 20 жаштагы Арууке Кадырбек кызы  3-орунду ээлеп, коло байгенин ээси болду. Ал  казакстандык 34жаштагы Зульфия Яхьярованы утуп, келечегине үмүткөр кылып койду.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ68 кг салмакка чейинки күч сынашууларда нарындык Гүлнура Таштанбекова 3-орун үчүн күрөштө казак балбан кызынын далысын килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда Азиянын чемпионатынын коло байгесин утту.

СТУДЕНТ АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ АЗИЯНЫН ЭКИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ59 кг чейинки салмакта күрөшкөн Таңчолпон Кыбалбекова атаандаштарына алдырып коюп, мелдештен четтеп, байгелүү орунга илинбей калды. Бул жаш кыздар үчүн Азия чемпионаты сабак болууда.

Ошентип, кыргызстандык балбан кыздар биринчи күнкү беттешүүлөрдө эле 1 алтын, 2 коло байге утуп алышты.

Эртең, 14-апрелде Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздары өлкөбүздүн намысын коргойт. Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатышкан балбан кыздарга ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер