STIPENDIUM HUNGARICUM СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ
- 31.01.2021
- 0
Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын 2021-жылдын катышуучуларына student.edu.gov.kg кыргыз онлайн платформасында арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 31-январында саат 23:59:59да аяктай тургандыгын эскертебиз.
2021-жылдын 1-февралында саат 00:00:00дө тутум жабылып, арыздарды каттоо жана берүү мүмкүн болбой калат.
Катышуучулардын көңүлүн бурабыз: документтердин толук эмес тизмесин камтыган арыздар автоматтык түрдө каралбайт!
КР ББИМдин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер