STEM ПРЕДМЕТТЕРИН ОКУТУУНУН САПАТЫ ЖАКШЫРУУДА

  • 07.09.2021
  • 0

STEM предметтерин окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн Дүйнөлүк Банктын Долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлөт (жалпы көлөмү 25 миң компьютер). Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Б.Купешев педагогикалык кызматкерлердин, билим берүү системасынын жетекчилеринин республикалык конференциясында билдирди.

Бул мектептерде алты мультимедиалык клас ачылат. Бул окутууда баардык негизги предметтер боюнча электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет, математикага жана илимий жана табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл бурулат.

Министр мындан сырткары учурда АӨБ долбоору 7-11-класстын мугалимдерин биология, география, математика, химия, физика боюнча жаңы предметтик стандарттар боюнча окутуп жатканын, жалпысынан 2021-жылдын аягына чейин республика боюнча 10 миң мугалим даярдала турганын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер