STEM ОКУТУУ: ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ДОЛБООРУ

  • 14.05.2019
  • 0

«Орто мектептин окуучуларына STEM боюнча билим берүү»  долбоору Бишкек жана Ош шаарларынын он пилоттук мектеби менен иштеп баштады. Долбоордун  жетекчиси Жылдыз Акназарова. Бул долбоорго 5-7 класстын 60 алдыңкы окуучусу конкурстун негизинде тандалган.

 STEM ОКУТУУ: ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ДОЛБООРУ

STEM ОКУТУУ: ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ДОЛБООРУ

Азыркы күндөрдө балдар комьютер сабатын жогорлотуу боюнча жана жана сынчыл ой жүгүртүү, кызматташ болуу, коммуникация жана креативдүү машыгуу боюнча тренингдерди өтүп жатышат. Мындан тышкары балдар англис тилин үйрөнүшөт жана лидерлик сапатты өркүндөтүү, бизнести ийгиликтүү баштоо жана чет өлкөгө окуганга даярдануу деген темаларда мастер класстар өткөрүлөт.

Бул долбоор балдарга кантип туура келечектеги кесибин тандап  алса болот деген багыттоо берет. Келечекте колледжде, университетте жана коомдо ийгиликтүү инсандар болуп чыгышат. Бул долбоор информациялык технологиялары жана инновация тармагындагы жаңы муундардын лидерлерин даярдайт.

STEM ОКУТУУ: ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ДОЛБООРУ

STEM ОКУТУУ: ЛИДЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО ДОЛБООРУ

Долбоорду Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылайт жана АКСЕЛС эл аралык коому башкарат. Smart Generation in Action фонду бул долбоордун партнеру.

Бөлүшүү

Комментарийлер