STEM «ИЛИМ КЫЗ» ОНЛАЙН МЕКТЕБИ ИЛИМГЕ КЫЗЫККАН КЫЗДАРДЫ ОКУТА БАШТАДЫ
- 06.05.2020
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан демилгеленген СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектеби өз ишин баштады.
Кыргыз Республикасында СТЕМ билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана кыздарды инженердик адистиктерге тартуунун алкагында уюштурулган СТЕМ “ИЛИМ КЫЗ” мектебин фонд 2015-жылдан бери КМТУнун Кыргыз-Герман техникалык институтунун базасында ийгиликтүү өткөрүп келе жатат.
STEM-окутуу өзүнө технологиядагы табигий илимдердин интеграциясы, инженердик чыгармачылык жана математика негизин түзгөн дисциплиналар аралык, долбоордук ыкманы бириктирип турат.
Мектетин максаты Кыргыз Республикасында кыздардын илим багытындагы кесипти тандоосуна багыт берүү болуп саналат. Дүйнөлүк экономикалык иликтөөлөрдүн негизинде келечекте жакшы бааланган жана жогору акы төлөнгөн кызматтар илимге, математикага, инжнерликке, технологияларга байланышкан кызмат болоорун далилдешти. Онлайн мектептин жүрүшүндө, мектептин угуучуларына СТЕМ багытында иштеген таасирдүү окумуштуу окутуучулар жана чет өлкөдөгү СТЕМ багытында иштеген жана окуган ийгиликтүү кыздар катышып, кыздардын кызыктырган суроолоруна жооп беришет.
СТЕМ жаатындагы кесиптерди аркалаган кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча милдеттер:
- Техникалык дисциплиналарга карата кызыгууну өнүктүрүү;
- Сын көз караштагы ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү жана көйгөйдү чечүү;
- Өз күчүнө болгон ишенимди жогорулатуу. Лидердик көндүмдөрүн калыптандыруу;
- Жигердүү коммуникация жана командалык иш;
- Долбоорлорго креативдүү жана инновациялык мамиле.
Максаттуу топ: Кыргызстандын облустарынын 10-11-класстарынын окуучу кыздары.
Катышуучулардын саны: 200дөн ашпаган адам.
Узактыгы: 14 күн – 60 саат (2 топ)
Өткөрүү мөөнөтү: 06.05.2020-25.05.2020
Өткөрүү форматы: «zoom» билим берүү платформасында онлайн окутуу.
№ | Иш-чаранын аталышы | Сааттардын саны | Курстун кыскача сүрөттөлүшү |
1 | Техникалык англис тили | 10 саат | Техникалык англис тил сабактарында инженердик билим берүү темалары каралат |
2 | IT билим берүү багыттары боюнча онлайн мастер-класстар | 18 саат | Сабактарда IT багыттарынын компьютердик сабаттуулук боюнча үйрөткөн негизги артыкчылыктуу багыттары каралат. |
3 | Инженердик билим берүү багыттары боюнча онлайн мастер-класстар | 10 саат | Сабактарда актуалдуу инженердик багыттар каралат: тамак-аш технологиясы, биомедициналык инженерия,токуу жана тери технологиясы,машина куруу, электроэнергетика, курчап турган чөйрөнү коргоо |
4 | СТЕМ билим берүу жаатындагы белгилүү окумуштуу аялдар, кыздар менен онлайн жолугушуу | 12 саат | СТЕМ жаатындагы белгилүү кыздар Айбилек Алдаярова (АКШ,Гарвард университети), Айзада Акбекова (Германия, IT чөйрө), Улан кызы Сонун (Германия, Машине куруу) ж.б. |
СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» Интерактивдүү мектебинин ачылыш программасы
2020-жылдын 6 майында СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектебинин ачылыш аземи болуп өтөт.
Ѳткөрүү убактысы: 16.00-17.10
Ѳткөрүү платформасы: Мегаком
Катышуучулар: Кыргызстандын аймактарында окуган 10-11-класстын окуучу кыздары, спикерлер.
Модератору: Усупкожоева А.А.
Жумушчу тил: кыргыз, орус тилдери
16.00-16.10 | КАТЫШУУЧУЛАРДЫ РЕГИСТРАЦИЯДАН ѲТКѲРҮҮ
|
16.10-16.35
| СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕКТЕБИНИН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛЫШ АЗЕМИ Куттуктоо сөздөру: Отунбаева Р.И., КР нын экс-Президенти Исаков К.А., КР нын Билим беруу жана илим министри Джаманбаев М.Дж., И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору
|
16.35-16.45
16.45-17.10 | СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕКТЕБИ ТУУРАЛУУ, СТЕМ кыймылынын координатору Усупкожоева А.А.
ЧЕТ ѲЛКѲДѲН КАТЫШЫП ЖАТКАН СПИКЕРЛЕРДИН КУТТУКТОО СѲЗДѲРҮ |
Техникалык англис тили боюнча программа
№ | Өткөрүү датасы | Иш чаранын аталышы | Платформа, тиркеме | Сааттардын саны |
1 | 07.05.2020 14.00 -16.00 | Өзүн тааныштырууну билүү/Таанышуу/ Жуп болуп иштөө
Презентациялоо «Климаттын өзгөрүүсү» / жаңы создөр, фразалар | Zoom, Kahoot | 1 |
2 | 08.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Климаттын өзгөрүүсү» / Кахуттагы тесттер менен бышыктоо. Техникалык текстти айтып берүү үчүн клише-фразалар | Zoom, Kahoot | 1 |
3 | 11.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Булгануу. Булгануунун түрлөрү”/ жаңы сөздөр, фразалар | Zoom, Kahoot | 1 |
4 | 12.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Жаратылышты кантип сактоо керек» /идеяны айтканды билүү Кахутта бышыктоо | Zoom, Kahoot | 1 |
5 | 13.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Математикалык терминдер жана эсептөөлөр» / жаңы сөздөр, фразалар | Zoom, Kahoot | 1 |
6 | 14.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Математикалык терминдер жана эсептөөлөр» / тесттер менен Кахутта бышыктоо /Эсептөөлөр | Zoom, Kahoot | 1 |
7 | 15.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Заттын абалы» / жаңы создөр, фразалар | Zoom, Kahoot | 1 |
8 | 18.05.2020 14.00-15.00 | Презентациялоо «Заттын абалы» /тажырыйба жүргүзүү жана идеяны айта билүү | Zoom, Kahoot | 1 |
9 | 19.05.2020 14.00-15.00 | Өтүлгөн темалар боюнча дискуссия Кахуттагы сурамжылоо | Zoom, Kahoot | 1 |
IT билим берүү боюнча өткөрүүнүн программасы
(1-топ, кыргыз группа)
№ | Өткөрүүнүн датасы | Иш чаранын аталышы | Платформа | Сааттардын саны |
1 | 07.05.2020 16.00-17.00 | IT билим берүүгө киришүү
| Zoom | 1
|
2 | 07.05.2020 17.00-18.00 | Word – нөлдөн баштап Профиге чейин | Zoom | 1 |
4 | 08.05.2020 16.00-18.00 | Exel– нөлдөн баштап Профиге чейин | Zoom | 2 |
5 | 11.05.2020 10.00-12.00 12.05.2020 16.00-18.00
| Сайттарды жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуунун негиздери | Zoom | 4 |
6 | 13.05.2020 16.00-18.00 | Мобилдик тиркемелер | Zoom | 2 |
7 | 14.05.2020 16.00-18.00 | Анимацияларды жаратуу | Zoom | 2 |
8 | 15.05.2020 16.00-18.00 | Power Point | Zoom | 2 |
9 | 19.05.2020 16.00-18.00 | Өтүлгөн темалар боюнча дискуссия | Zoom | 2 |
IT билим берүү боюнча өткөрүүнүн программасы (2-топ, орус группа)
№ | Дата проведения | Наименование мероприятие | Платформа | Количество часов |
1 | 06.05.2020 16:00 — 17:00 | Введения в IT образование | Zoom | 1 |
2 | 07.05.2020 16:00 — 17:00 | Приложения Microsoft — с нуля до Профи | Zoom | 1 |
3 | 08.05.2020 16:00 — 17:00 | Приложения Google — с нуля до Профи | Zoom | 1 |
4 | 11.05.2020 16:00 — 17:00 | Основы разработки веб-сайтов с HTML | Zoom | 1 |
5 | 12.05.2020 16:00 — 17:00 | Основы разработки приложений с JavaScript | Zoom | 1 |
6 | 13.05.2020 16:00 — 17:00 | Компьютеры (системы и функции) и интернет (данные и конфиденциальность) | Zoom | 1 |
7 | 14.05.2020 16:00 — 17:00 | Стратегии улучшения программ (устранение дефектов и алгоритмы) | Zoom | 1 |
8 | 15.05.2020 16:00 — 17:00 | Учимся составлять техническое резюме и подавать на работу/учебу | Zoom | 1 |
9 | 18.05.2020 16:00 — 17:00 | Разработка анимаций | Zoom | 2 |
10 | 19.05.2020 16:00 — 17:00 | Дискуссия по пройденным темам | Zoom | 1 |
Инженердик багыттар боюнча мастер-класстардын программасы
№ | Өткөрүү датасы | Иш чаранын аталышы | Платформа | Сааттардын саны |
1 | 06.05.2020 16.00-16.40 | «Илим кыз» СТЕМ мектебинин ачылышы | Zoom | 1 |
2 | 07.05.2020 15.00-16.00 | КР Энергосистемасы, өнүгүү жолдору. Өнүгүүнүн жаңы тенденциялары. | Zoom | 1 |
3 | 08.05.2020 15.00-16.00 | Машина куруу КР экономикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары. Өнүгүүнүн жаңы тенденциялары. | Zoom | 1 |
4 | 13.05.2020 15.00-16.00 | Инженерия дүйнөсү. КР инженердик багыттардын өнүгүүсүнүн жаңы тенденциялары | Zoom | 1 |
5 | 14.05.2020 15.00-16.00 | Биомедициналык инженерия – инженердик билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири катары. | Zoom | 1 |
6 | 18.05.2020 15.00-16.00 | Тамак- аш технологиясы жана азыркы дүйнө. Коопсуз тамак-аш продукцияларын өндүрүүнүн жаңы технологиялары | Zoom | 1 |
7 | 25.05.2020 15.00-16.00 | «Илим кыз» СТЕМ мектебинин жабылышы | Zoom | 1 |
Комментарийлер