STEM БИЛИМ БЕРҮҮГӨ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛДЫ
- 24.06.2021
- 0
24-июнда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган “STEM-билим берүү: келечекте жогорку технологияларды өнүктүрүүнүн платформасы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.
Конференция Ысык-Көл жергесиндеги эс алуу жайларынын биринде өтүп, ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк STEM — билим берүүнүн көйгөйлөрү менен алектенген илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары, мектептен тышкары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын илимий-практикалык кызматкерлери катышууда.
Белгилей кетсек, аталган эл аралык конференция “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.
Комментарийлер