STEAM билим берүү сынагынын жеңүүчүлөрү

  • 25.06.2024
  • 0

“Кут Билим” медиа борборунун “Эл агартуу” журналы жарыялаган STEM технологияларын колдонуу менен өткөрүлгөн сабактардын иштелмелери үчүн республикалык сынак жыйынтыкталды.

Сынак табигый илимдер боюнча сабактардын сапатын көтөрүү, STEAM билим берүү багытын кеңири практикалоо, STEM инструменттерин жана ыкмаларын колдонуу менен предметтер аралык байланышты, алардагы темалардын кесилишин бирдиктүү изилдөө, алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлдү.

Конкурс 1-мартта жарыяланып, материалдар 1-майга чейин кабыл алынды. Ага республика боюнча менчигинин түрүнө карабастан бардык мектептердин мугалимдери катышты. Жалпы элүү сабактын иштелмеси келип түштү. Сабактарды баалоо үчүн жети кишиден турган атайын комиссия түзүлүп, иштер бир канча критерийлер менен бааланды.

БАШ БАЙГЕни Ош шаарындагы №38 Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Наркулова Асылгүл жеңип, “Кут Билим” медиа борборунун диплому, ноутбук менен сыйланды.
1-орунду Бишкектеги №54 мектебинин биология мугалими Алчинова Айгуль жеңип, I ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ жана принтер менен сыйланды.
2-орунду ээлегендиги үчүн II ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ жана планшет менен Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин англис тили мугалими Дилфуза Шарабидин кызы сыйланды.

3-орун — III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ, Алма-Ата шаарына эки күндүк жолдомону Бишкек шаарындагы №32 мектебинин математика мугалими Мавлян кызы Акылай жеңип алды.

Калган алдыңкы ондукка кирген катышуучулар “Кут билим” медиа борборунун диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Эскерте кетсек, бул демилгени колдогон башкы демөөрчүбүз «Кыргыз Алтын» ачык акционердик коому, төрагасы Абдраимов Кубат Бейшенбекович. Андан сырткары Эл аралык ишкерлер кеңеши жана Ош мамлекеттик педагогикалык университети да чоң колдоо көрсөттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер