СТАРТАП КЫРГЫЗСТАН

  • 24.01.2020
  • 0

Эл аралык эксперт, Грузиянын «Futur Laboratory» консалтинг компаниясынын жетекчиси Иракли Кашибадзе менен Кыргызпатенттин кызматкерлери тажырыйба алмашуу вебинарын өткөрдү. Вебинарга инновациялык борборду ачуу процессине тартылган Кыргызпатенттин, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жана Мамлекеттик патенттик техникалык китепканасынын кызматкерлери катышты.

Маалыматка ылайык, вебинардын жүрүшүндө Иракли Кашибадзе инновациялык борбор ачуу жана аны өнүктүрүү боюнча тажырыйбасы менен бөлүшүп, ар бир этаптагы маселелер, алардын чечүү жолдору, багыттары боюнча айтып, өз кезегинде катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Мындан сырткары Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жаткан “Стартап Кыргызстан” сынагын өткөрүүнүн натыйжасын жогорулатуу жөнүндө талкуу жүрдү.

Баса белгилеп кетсек, ушул жылы Кыргызпатент Кыргызстанда инновациялык экосистеманы өнүктүрүү максатында Инновациялык борбор ачуунун үстүндө иштеп жатат. Борбор Кыргызпатентке караштуу мамлекеттик патенттик техникалык китепкананын базасында ачылат.

Инновациялык борбордо жаңы ишин баштап жаткан стартапчылар, идеяга бай жаңычыл жаштардын жана долбоорлорду ишке ашырууну каржылаган инвесторлордун башын бириктирген аянтча түзүлөт. Борбор инновациялык экосистеманы пайдалануучулар үчүн керектүү жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздалат (коворкинг, өндүрүштүк-инновациялык лаборатория, FabLab ж.б.).

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер