№80 МЕКТЕПТИН АЙМАГЫНДА ЗАМАНБАП СПОРТ КОМПЛЕКСИ КУРУЛУУДА
- 08.07.2026
- 0
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Жал кичи районунда жайгашкан №80 орто мектептин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушун жигердүү улантууда. Долбоордун алкагында окуучулардын дене тарбиясы жана спорт менен машыгуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Жалпы аянты 0,981 гектарды түзгөн тилкеде жаңы спорт залы, футбол аянтчасы, чуркоо жолу, воркаут (көнүгүү) аянтчасы курулуп, айланасы толук көрктөндүрүлөт. Имарат заманбап курулуш материалдарын жана технологияларын колдонуу менен монолиттүү темир-бетон пайдубалга, металл каркас жана сэндвич-панелдердин негизинде сапаттуу курулуп жатат.

Мектеп аймагында мындай заманбап спорттук объектилердин курулушу өсүп келе жаткан жаш муун үчүн өтө чоң мааниге ээ. Ал окуучулардын ден соолугун чыңдоого, физикалык жактан туура өнүгүүсүнө жана иммунитетинин көтөрүлүшүнө түз таасирин тийгизет. Сабактан тышкары убакта балдардын спорт менен алек болуусуна өбөлгө түзөт. Мектептеги мындай ыңгайлуу шарттар өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттырып, дени сак муундун өсүшүнө пайдубал болуп берери шексиз.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер