КЫРГЫЗСТАНДА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛАТ
- 08.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталарын жарыялайт.
Документтерди кабыл алуу 13-июлдан 14-сентябрга чейин https://2020.edu.gov.kg/ электрондук платформасы аркылуу жүргүзүлөт.
Кесиптик лицейлер 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесипке ээ болууга, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү эмгек жолун баштоого чакырат. Окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Абитуриенттер курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесиптерди жана адистиктерди тандай алышат.
Кабыл алуу эрежелери, кесиптердин жана адистиктердин тизмеси, бюджеттик орундардын саны жана кесиптик лицейлердин даректери тууралуу кеңири маалыматты https://2020.edu.gov.kg/ платформасынан, кесиптик лицейлерден жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот.
Кабыл алуу боюнча суроолоруңуз болсо, 110 номерине байланышыңыз.
Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер