МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕРДИН МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТАРТИБИ

  • 01.03.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2017-2018-окуу жылында 11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүүнүн мөөнөттөрү менен формасын бекитти.

Министр Гүлмира Кудайбердиева кол койгон буйрукка ылайык, 11-класстын окуучулары беш экзаменди милдеттүү түрдө тапшырат, анын ичинен бирөөн тандап алышат.

Экзамендерди тапшыруу мөөнөттөрү 2-июнда 20-июнга чейин.

Экзамен милдеттүү түрдө тапшырыла предметтер:

  1. Эне тил (эссе)  2-июнда;
  2. математика (алгебра жана анализдин башталышы)  6-июнда;
  3. орус, өзбек жана тажик тилиндеги мектептер үчүн кыргыз тили же кыргыз тилдүү мектептер үчүн орус тили (жат жазуу). 9-июнда.
  4. Кыргызстандын тарыхы (оозеки);
  5. тандап алган предмет боюнча.
Бөлүшүү

Комментарийлер