СПОРТ – АСКЕРДИК ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

  • 21.02.2023
  • 0

Сокулук районунда 10-11-класстын окуучуларынын арасында спорттук аскердик даярдоо түрлөрү боюнча атаандаштык оюну өттү.

Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы Сокулук №3 мектеп лицейинин базасында райондун жалпы билим берүүчү мекемелеринин окуучулары арасында өткөрүлгөн мелдештин негизги максаты — окуучуларды тарбиялоодо аскердик патриоттук системасын иштеп чыгуу, мекенди коргоо даярдыгын калыптандыруу, дене тарбия сабагынан бекитилген стандартты аткаруу, жаштардын  өз ара жардам көрсөтүү жөндөмдөрүн калыптандыруу, командалык рухун көтөрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чечим кабыл алууга көнүктүрүү болуп эсептелет.СПОРТ – АСКЕРДИК ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

Райондогу Д.Шопоков №1 мектеп гимназиясынын жана К.Шопокова атындагы Сокулук №3 мектеп лицейинин 10-11-класстарынын окуучулары катарга тизилүү, устунда күч менен машыгуу, автоматты чачуу жана чогултуу, машыгуу гранаталарын ыргытуу, пневматикалык мылтыктан ок атуу түрлөрү боюнча таймашты.

СПОРТ – АСКЕРДИК ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

Спорттук таймашка райондогу 33 мектептин аскерге чакырууга чейинки даярдоо сабагынын мугалимдери жана райондук Аскер комиссириатынын кызматкери лейтенант Э.Бектемиров катышып, спорттук тапшырмаларды аткарган окуучуларга баа беришти.

СПОРТ – АСКЕРДИК ПАТРИОТТУУЛУККА ТАРБИЯЛАЙТ

Жыйынтыгында жигердүү катышкан командаларга дипломдор берилди. I, II даражадагы диплом Д.Шопоков №1 мектеп гимназиясынын 11-“а” жана “в” классынын окуучуларына ыйгарылды (мугалими подполковник Тилек Алиев). III даражадагы дипломго К.Шопокова атындагы Сокулук №3 мектеп лицейинин 10-11-класстын окуучулары (мугалими подполковник Орозалы Надиров) ээ болуп, өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер