СПАРТАКИАДА

  • 20.02.2023
  • 0

Аксы районундагы билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн спартакиада быйыл жакшы саамалык менен башталды.

СПАРТАКИАДА

Тактап айтканда, бул жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери да биринчи ирет, бирок жигердүүлүк менен катышты. Алардын катарында «Жеткинчек» балдар бакчасынын эмгек жамааты да бар. Алар бул спорттук мелдеште мыкты оюн көрсөтүшүп, ынтымак болсо, ийгилик болорун дагы бир ирет далилдешти. Жапаркулова Касиет эжеке жетектеген мыкты педагог, мыкты кызматкер, мыкты спортчу, мыкты адистерден турган жамаат дагы да көптөгөн ийгиликтерди жаратаарына ишенүү менен оомат коштоп жүрүүсүнө тилектешпиз. Жалпы эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иштеринде чыгармачылык эргүү коштогон жакшылыктар жарала берсин.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер