«ӨСПҮРҮМ-ТҮН»: КЕЧКИ СААТ ОНДОН КИЙИН КӨЧӨГӨ ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
- 26.02.2026
- 0
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекторлору «Өспүрүм-түн» профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү.

Свердлов РИИБ билдиргендей, түндө өткөн рейд учурунда компьютер клубдары жана өспүрүмдөр чогулган жерлер текшерилди.
Аныкталган өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен баарлашуу жүргүзүлүп, балдарга кечки саат 10дон кийин көчөдө жүрүүгө тыюу салынгандыгы эскертилди.
Мындан тышкары милиция сутка бою иштеген мекемелердин ээлерине жана администраторлоруна түнкүсүн өспүрүмдөрдү киргизбөөнү эскертти.
Г.А., “КБ”