ӨСПҮРҮМ КЫЗДАРГА АРНАЛГАН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ
- 22.04.2025
- 0
Чүй облусунун Панфилов районунда “Волд-Шэйо-Келечек” окуу билим берүү борборунда “Кыялдар кантип орундалат жана талкаланат” аттуу психологиялык семинар-тренинг болуп өттү.
Панфилов райондук билим берүү бөлүмү “Волд-Шэйо-Келечек” окуу билим берүү борбору менен биргеликте өткөргөн бул семинар өспүрүм курактагы окуучу кыздар үчүн алкоголизмдин, баңгизаттын жана зыяндуу заттардын, жыныстык катнашка эрте баруунун алдын алуу максатын камтыды. Тренингди психолог Нуриза Болотбекова өттү.
Семинар-тренинг жагымдуу маанай түзүү; “Менин кыялым” көнүгүүсү; Кыялды талкалоочу нерселер; 6 шляпа оюну; Чөлдөгү КУБ; Кыялынын сүрөтүн тартуу; Рефлексия этаптарынан турду.
Тренингге катышкан кыздар төрт топко бөлүндү. Топтор арасында кызуу талкуулар, дискуссиялар болуп, семинар-тренинг кыздардын ачылып ачык айкын оюн айтуусу, алдыга койгон кыялдарына жетүү, өспүрүм курактагы кыйын кырдаалдардан өтүүнүн жолдорун үйрөнүшкөндөрүн айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Өспүрүм кыздар үчүн кыялдар — бул келечекке болгон үмүт, максат жана мотивация. Бирок кыялдардын орундалышы же талкалануусу көп учурда алардын айлана-чөйрөсүнө, өзүнө болгон ишенимине жана колдоого жараша болот.
Семинар-тренингдин аягында Түштүк Кореянын Бишкек шаарындагы “Волд-Шэйо-Келечек” корпорация тарабынан даярдалган белектер кыздарга таратылып берилди.
Мыскал АЛЫМБАЕВА,
Панфилов району.
Комментарийлер