СОЦПЕДАГОГДУН КЕЗЕКТЕГИ ДЕМИЛГЕСИ

  • 27.07.2020
  • 0

26-июлда Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде COVID-19 илдети менен күрөшүүнүн алкагында айыл тургундарына чач кыркуу, жасалгалоо жагынан акысыз кызмат көрсөтүлдү.

СОЦПЕДАГОГДУН КЕЗЕКТЕГИ ДЕМИЛГЕСИ

Миң- Булак айылынын тургундары, мектеп окуучулары үчүн уюштурулган бул иш-чара эртен мененки саат 9.00дон 14.00гө чейин улантылды.

СОЦПЕДАГОГДУН КЕЗЕКТЕГИ ДЕМИЛГЕСИ
— Биз жалпы элди 31-июлда боло турган Курман Айт майрамы менен куттуктап коёлу дедик. Биздин демилгени
«ЭЛЕГАНТ» салонунун жетекчиси Кубанычбекова Нургүл жана салондун кызматкерлери колдошту. Алар бүгүн мында келгендердин чачын кыркып, жасалгалап, ошондой эле маникюр жасап беришти, — дейт айылдык кеңештин депутаты, Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин соцпедагогу Кенжегүл Бектемирова.

СОЦПЕДАГОГДУН КЕЗЕКТЕГИ ДЕМИЛГЕСИ
А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер