СОЦИАЛДЫК ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ  

  • 23.12.2021
  • 0

22-декабрда, Билим берүү жана илим министрлигинде  “Теңдик – адилеттүүлүккө карай жол!” аталышында мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Сынак Кыргызстанда гендердик зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттыруу максатында 9-11-класстардын окуучулары арасында уюштурулган. Сынактын жыйынтыгы боюнча окуучулар Кыргызстандагы гендердик зомбулук темасында социалдык видеороликтерди даярдап, Youtube ачык жана жеткиликтүү форматта жайгаштырылган.

СОЦИАЛДЫК ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ   

“Гендердик зомбулук темасы биз үчүн актуалдуу болуп саналат, анткени күн сайын биз зордук-зомбулук тууралуу жаңылыктарды окуп, көрүп жатабыз. Мындай иш-чараларга окуучулардын жигердүү катышуусу алардын социалдык койгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар экенин айтып турат”, – деп белгиледи Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева.

“Зомбулук бардык жерде бар экенине карабастан, өзүбүздүн видеобузда биз элге ар дайым аягы жакшы болот жана өз жашообузду өзгөртүүгө мүмкүн деген ишенимди бергибиз келген”, – деп баса белгиледи сынактын жеңүүчүсү, Токмок шаарынан келген “Астрея” командасынын мүчөсү.

Сынак эки этапта өттү: областтык жана республикалык. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сынактын бардык этаптары онлайн форматта өткөрүлдү. Көз карандысыз калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр жеңүүчүлөр деп табылды:

1-орун – Токмок шаарынын А.С. Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары: “Астрея” командасынан Шахида Рузиева, Сабрина Ахмедова, Авенир Савенов;

2-орун – Бишкек шаарынын Ч.Т. Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназиясынын окуучулары: “JEL” командасынан Зауре Абакирова, Роман Якименко, Владислав Рудый;

3-орун – Балыкчы шаарынын Л.Н. Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары: “Уркуя” командасынан Акмаанай Уркалыева, Алибек Карымшаков, Азамат Бектемиров.

Сынак “Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күндүгү” глобалдык акциясына арналып, Кыргызстандын юридикалык клиникаларынын ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө өткөрүлдү. Жалпысынан 133 социалдык видеоролик даярдалып, көрүүлөрдүн саны 100 миңден ашты.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер