СОЦИАЛДЫК ПЕДАГОГДОР ОКУП ЖАТЫШАТ  

  • 14.02.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы менен бирге республиканын мектептеринде иштеген социалдык педагогдордун  кесиптик сабаттуулугун жогорулатуу, укуктук маданиятын өнүктүрүү жана ар кандай кырдаалдарда тиешелүү органдар менен иш алып баруу механизмдери, балдардын укуктарын коргоо иштери ж.б. бир нече багыттар боюнча 300дөн ашык социалдык педагогду жана алар менен биргелешип иш алып барган райондук/шаардык, облустук билим берүү борбор/бөлүмдөрүнүн он кызматкерин аралыктан онлайн форматында окутуп жатат.

— Аталган вебинарлар 2023-жылдын 23-январынан башталып, ар бир облустун 30дан ашык социалдык мугалимдерден турган он топ менен атайын түзүлгөн жүгүртмөнүн негизинде өтүлүүчү үч багыттагы окутуунун  2-багытын  окуп жатышат. Окуулар 7-мартка чейин созулат. Вебинарды Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын  мыкты тренерлери  — юридикалык илимдеринин кандидаты Артур Бакиров жана ювеналдык юстиция боюнча адвокат Айжан Кадырова өтүүдө. Вебинарларга социалдык мугалимдер кызыгуу менен катышып, өздөрүнө зарыл  маалыматтарды алуу менен кошумча юридикалык маанидеги суроолоруна да жооп алышууда, — дейт министрликтин башкы адиси Индира Токонова.

Белгилей кетсек, социалдык педагог — балдар менен иштеген, алардын көйгөйлөрүн изилдеген, баланы коомго жана андан кийинки жашоого ийгиликтүү ыңгайлаштыруу үчүн күрөшкөн адис. Ал көптөгөн жумуш милдеттерин аткарып, жогорку деңгээлдеги эмпатияга жана катышууга ээ болушу керек. Турмуштун кыйын кырдаалына кабылган балдар менен ар дайым өз ара аракеттенүү, аларга эмоционалдык, психологиялык жана көбүнчө юридикалык, практикалык жардам көрсөтүү зарыл. Кыскасы, баланы бакубат социалдык чөйрөгө оорутпай, ийгиликтүү киргизүүнү, психологиялык реабилитациялоону камсыз кылуучу мектептердеги бирден-бир адис. Ошондуктан социалдык педагогдордун тынымсыз кесиптик өнүгүүсү зарыл.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер