СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ ЖАНА ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЭЧ НЕРСЕГЕ КАРАБАСТАН УЛАНТЫЛАТ”

  • 11.09.2020
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу жана билим берүү системасын санариптештирүү боюнча ОшМУда жасалып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ ЖАНА ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЭЧ НЕРСЕГЕ КАРАБАСТАН УЛАНТЫЛАТ”

Аталган мектептин курулуш иштери коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында келип түшкөн каражаттын эсебинен курулду. 500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Объектини 2020-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылган.

Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жаңы мектептердин, окуу корпустарынын курулушу боюнча долбоор мектептердеги класстардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. Бул көйгөй айрыкча, Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле ички миграциянын негизги агымы болуп жаткан Чүй облусунда курч турат. Жыйынтыгында бир катар мектептерде балдар үч нөөмөт менен окуп, ар бир класста 50гө чейин бала болгонжуктан, бир партада төрттөн бала отуруп, окуучулар батпай келет.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: “ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕРДИ КУРУУ ЖАНА ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЭЧ НЕРСЕГЕ КАРАБАСТАН УЛАНТЫЛАТ”

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылда көп каражат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалган, бирок ага карабастан, маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди куруу жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо улантылууда.

Сооронбай Жээнбеков пандемия менен күрөш көп күчтү жана убакытты талап кылганын, ал болбогондо мамлекет тарабынан социалдык объектилерди курууга жана оңдоп-түзөөгө, анын ичинде мектептерди курууга мындан да көбүрөөк көңүл бурулмактыгын белгиледи.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысына аймактардагы мектептердин курулушу менен ремонтуна өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Эске салсак, 2018-жылы июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштар тууралуу кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды кайра кайтаруудан түшкөн акча каражаттарын каттоого алуу жана багыттоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-июнундагы буйругу менен Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепти жана Ош жана Бишкек шаарларындагы, Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 млн. сом бөлүнгөн.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер