СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН КӨБӨЙТӨБҮЗ

  • 11.04.2019
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө жаңы окуу жылына карата мектеп мугалимдеринин эмгек акысын көбөйтүү маселеси каралып жатканын айта кетти.

  СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН КӨБӨЙТӨБҮЗ  

 

“Мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз. Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат. Буйруса мектептеги агай-эжелерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт”,-деди мамлекет башчы.

 

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жана экономикага жаӊы технологияларды тереӊ киргизүү маселесине да токтолду. Атап айтканда бардык мектептер интернет жана компьютердик инфраструктура менен камсыздаларын билдирди. Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 пайызы интернетке кошулган, быйылкы жылдын аягына чейин калган мектептер да толугу менен интернетке кошулат. Жеткинчектерди мектепке даярдоодо заманбап теле, аудио жана информациялык технологиялар колдонулат.

 

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН КӨБӨЙТӨБҮЗ

 

Президент ошондой эле билим берүүнүн сапатын көтөрүү, эмгек рыногуна шайкеш кесиптик билим берүү максатындагы жаңы долбоорго да токтолду:

 

“Атап айтсам, “Келечектин мектеби” долбоору. Анын алкагында ар бир региондо онго жакын так жана техникалык адистиктер, көп тилдүүлүккө багытталган мектеп болот. Ал мектептерде балдарга педагогдор гана эмес, менеджерлер, банкирлер, ишкерлер билим беришет. Алардын форматы профессионалдык билим берүү жана илим-билим комплекси болуусу күтүлүүдө”.

Бөлүшүү

Комментарийлер