СОКУР МЭЭРИМ БАЛАГА ЗЫЯН

  • 11.07.2020
  • 0

СОКУР МЭЭРИМ БАЛАГА ЗЫЯН

 

Энелер мектеби тайпасында бүгүн (8-июлда) Гапыр Мадаминовдун «Ата-энелер, сиздер үчүн» китебиндеги «Үй-бүлө тарбиясында балдардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн эске алуу» деген тема боюнча талкуу болду.

Ош облусунун Ноокат районунан Малимбүбү РАИМБЕРДИЕВАнын ойлорун келтирели:

— Теманы окуп чыгып, бала тарбиялоодо көптөгөн кемчиликтерди кетирип жүргөнүмдү жана айрым нерселерден кеч калганымды байкадым. Ушул учурга чейин чет өлкөлөрдө иштейбиз деп балдарын чоӊ ата-чоӊ энелерине, жакын туугандарына таштап кеткендер бала тарбиясын билишпейт, тарбиясын бузуп атышат деп көп ойлойт элем. Эми өзүмдү ойлоп көрсөм, менде да толтура кемчиликтер бар экен.

  1. Китепченин айрыкча айылдык ата-энелерге сунушталгандыгы жакты.
  2. «Ата-эненин «сокур мээримдүүлүгү» баланын жакшы сапаттарынын өнүгүүсүнө тоскоол болуп, жалкоолук, ыкшоолук ж.б. терс сапаттарынын пайда болуусун шарттайт» деген сөздү өзүмө алдым. Жумушка барып-келип, балдарды бакчадан алып, курсагын тойгузуп, таза жууп кийинтип коюп эле, калган убактымды телефон кармап интернеттен кызыктуу бир нерселерди көрүүгө жумшап келгениме өкүндүм.
  3. Балдардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн мектепте эле карабай, үй-бүлөдө өүбүз да эске алып тарбия беришибиз керек экен.
  4. Ден-соолугун чыӊдоочу процедураларды уюштуруу зарыл экен.
  5. 1-3 жашка чейин баланын тарбиясына өзгөчө көӊүл буруу зарыл экен.

6.1-3 жашка чейин баланы инсан кылып тарбиялоо үчүн алгач өзүмдү тарбиялап, балага сөз менен эмес, өзүм жасап көрсөтүп, өрнөк болуп тарбиялоону үйрөнөм.

  1. Китептен өтө чоӊ таасир алдым. Бала тарбиялоодо кетирген кемчиликтеримди ойлоп көрүүгө түрткү болду. Бүгүн чоӊ кызыма кийимдерин жыйып коюусун айтсам, телефон кармап отуруптур, колунан телефонду алып: «Кийимдериӊди жыйып чык дедим эле го?» — десем, азыр жыйнып койом деп, үйгө кирип, энесинин телефонун ойноп отуруптур. Унчукпай «ишинди бүтүр» деп телефонду колунан алып койдум. Мурда кызымды: «Эмне, кулагыӊ укпай жатабы?» деп урушат элем, бул жолу унчуга албадым…

Өзүм кечке телефонду колуман түшүрбөсөм, жада калса тамактануу учурунда да телефон кармаганга жетишсем, балдарым кайда бармак эле деп ойлонуп калдым. Бир аксакалдан укканым бар эле: «Баланы тарбиялоодон мурда өзүӊдү тарбияла, себеби бала дегени сөзсүз түрдө ата-энени карап өсөт. Сен кандай болсоӊ, балаӊ да ошондой болот, алма сабагынан алыс түшпөйт».

Өзүмдү өзүм тарбиялоого аябай аракеттенем, буюрса. «Адам үчүн эӊ кыйыны – күн сайын адам болуу» деп Ч. Айтматов бекеринен айтпаган экен. Мен өзүмдү роботтой эле сезип кеттим. Китепте «сокур мээримдүүлүк» деген жери мага таамай айтылгандай болду.

 

Текстти даярдаган Нарбүбү Анаркулова, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын мугалими.

Сүрөттө: 2017-жылы Баткен шаардык театрында энелер мектебине арнап уюштурулган облустук семинардын катышуучулары.

Бөлүшүү

Комментарийлер