Сокулукта жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелүүдө

  • 25.09.2023
  • 0

Сокулукта жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелүүдө

Чүй облусунун Сокулук районунда жаш келин 40 миң, 100 миң сомго баалап, үч баласын сатып жиберген деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы келин 2 жаштагы кызын, бир жашар баланы жана бир жашка чыга элек кызды сатып жиберген. Ал баланы 40 миң сомго, 6 айлык кызды 100 миң сомго баалаган. Эки жашар наристе канчага сатылганы жана бул жарым энеге эмне түрткү болгону белгисиз.

Окуя тууралуу балдардын атасынын, жарандын мурунку күйөөсүнүн билдирүүсүнөн кийин милицияга белгилүү болгон. Балдар кимдерге сатылганы аныкталып, факты боюнча “Балдарды сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү

Комментарийлер