Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза болду

  • 05.09.2023
  • 0

Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жазды.

Ведомстводон белгилешкендей, өрт тууралуу маалымат саат 06:10до түшүп, тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт толугу менен саат 10:00дө өчүрүлүп, кырсыктын кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кырсыктан жабыркаган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар үчүн Mbank капчыгынын номери: 0550 925 205

Буга чейин, 3-июлда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы «Боорукердик» карылар жана балдар үйүндө өрт чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер