СОКУЛУКТА ҮРӨНЧҮЛҮК БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ-ИЛИМИЙ БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 03.11.2026

3-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Студенческий айылында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Борбор Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылган долбоордун негизинде түзүлдү. СОКУЛУКТА ҮРӨНЧҮЛҮК БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ-ИЛИМИЙ БОРБОР АЧЫЛДЫ

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Р. Акимжанова, Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кван Чжэ, Жогорку Кеңештин депутаттары, КУАУнун ректору Нурзат Тотубаева жана кореялык өнөктөштөр катышты.  СОКУЛУКТА ҮРӨНЧҮЛҮК БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ-ИЛИМИЙ БОРБОР АЧЫЛДЫ

КУАУнун ректору Нурзат Тотубаева өз сөзүндө жаңы борбор университеттин илимий потенциалын кеңейтүүдө жана өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи. «Бул борбор илим менен өндүрүштү айкалыштырууга, студенттердин теориялык билимин практика менен бекемдөөгө жана айыл чарба тармагы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Кореялык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылган бул долбоор өлкөнүн агрардык тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенем», — деди ректор.

Белгилей кетсек, 2024-жылы курулушу башталган долбоордун алкагында 9 заманбап күнөскана, административдик жана өндүрүштүк имараттар, муздаткыч комплекс, кампа жана башка инфраструктуралык объектилер курулуп бүткөрүлгөн. Учурда борбордо жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча илимий-изилдөө иштери жигердүү жүргүзүлүүдө.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү