СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 16.11.2026

Чүй облусунун Сокулук районунда мектеп психологдорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда

Билим сапаты — мугалимдин кесипкөйлүгүнөн, ал эми баланын ийгилиги — анын жан дүйнөсүн түшүнө билүүдөн башталат.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, заманбап талаптарга ылайык адистерди даярдоо жана мектептердеги билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев тарабынан билим берүү тармагындагы кадрлардын кесиптик өнүгүүсүнө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жана билим берүү мекемелериндеги иштерди талаптагыдай уюштурууга өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Марат Усеналиевдин ишмердүүлүгүндө уюштуруучулук жөндөм, жоопкерчилик, алдыга коюлган милдеттерди өз убагында ишке ашыруу жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик өсүшүнө шарт түзүү маанилүү орунду ээлейт. Мындай башкаруучулук мамиле райондук билим берүү системасында сапаттуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылууга багытталган. СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

144 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулду

Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2026-жылдын 9-ноябрындагы №175 буйругуна ылайык, райондогу мектептердин педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу максатында 2026-жылдын 9–13-ноябрь күндөрү Т. Сатылганов атындагы жалпы билим берүү мектебинин базасында окуу курсу өткөрүлүлдү.

Курска райондогу бир катар билим берүү уюмдарынан адистер катышты. Алардын арасында Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинен Сейдегуль Магаматибраим кызы да бар. СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Квалификацияны жогорулатуу курстары адистердин теориялык билимин тереңдетүүгө, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана кесиптештер арасында тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Айрыкча мектеп психологдорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Анткени окуучулардын психологиялык абалын туура баалоо, өспүрүмдөр арасындагы көйгөйлөрдү алдын алуу, буллингге, зордук-зомбулукка каршы иш алып баруу жана балдарга өз убагында психологиялык жардам көрсөтүү — мектеп турмушундагы маанилүү милдеттердин бири. СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин өкүлү, курстун катышуучусу Сейдегуль Магаматибраим кызы өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди:

«Бүгүнкү күндө мектеп психологунун жоопкерчилиги абдан чоң. Ар бир окуучунун ички дүйнөсүн түшүнүү, анын көйгөйүн угуп, туура багыт берүү үчүн биз дайыма изденип, билимибизди өркүндөтүп турушубуз керек. Бул квалификацияны жогорулатуу курсу биз үчүн жаңы билимдерди алууга, тажрыйба топтоого жана кесиптик ишмердүүлүгүбүзгө жаңычыл ыкмаларды киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Алган билимибизди мектептеги практикалык иштерибизде натыйжалуу колдонобуз деп ишенем», — деди ал.

Билимге салынган инвестиция — келечекке салынган инвестиция. Мугалимдин жана психологдун үзгүлтүксүз изденүүсү, кесиптик өсүүсү, жетекчиликтин туура багыттагы уюштуруучулук ишмердүүлүгү — сапаттуу билим берүүнүн негизги өбөлгөлөрүнүн бири. СОКУЛУК: МЕКТЕП ПСИХОЛОГДОРУ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

Сокулук районунда жүргүзүлүп жаткан мындай демилгелердин башкы максаты — кесипкөй кадрларды калыптандыруу, мектептерде жагымдуу психологиялык чөйрө түзүү жана ар бир баланын коопсуз, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү.

 

Айдай Джолчубекова

Нурайым Кеңешбекова

Бөлүшүү