КЕНЖЕ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ БАНГКОKТО БААЛАНДЫ
- 16.11.2026
- 0
Кыргызстанда балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу көрсөткүчү 55 пайыздан ашты. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бангкокто өткөн БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Социалдык өнүгүү боюнча комитетинин 9-сессиясында билдирди.

Иш-чара социалдык өнүгүү, жакырчылыкты кыскартуу, социалдык колдоону чыңдоо жана адам капиталына инвестициялоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн мамлекеттеринин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун башын бириктирди.
Эл аралык аянтчада министр Кыргыз Республикасынын адам капиталын жана балдарды эрте өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатын ишке ашыруудагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Ошондой эле өлкөдө билим берүү, мектепке чейинки тарбиялоо жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо багытында жүрүп жаткан реформаларга токтолду.
Талкуу учурунда балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алууга болгон жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө, альтернативалуу формаларды киргизүүгө жана ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Өз кезегинде ЭСКАТОнун жана Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрү Кыргызстандын бул багыттагы саясатынын ийгиликтүү экенин жана демилгелердин ырааттуулугун жогору баалашты.

Мамлекеттер аралык кызматташтыктын алкагында, буга чейин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТОнун Аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбананын Кыргызстанга жасаган сапары жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу өнөктөштүктү дагы да чыңдоого негиз болгону белгиленди.
Иш-чаранын алкагында өткөн “Азия-Тынч океан чөлкөмүндө балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды өнүктүрүү” сессиясында министр кыска мөөнөттүү жана үй-бүлөлүк бала бакчалар сыяктуу мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай формаларын өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Өзгөчө алыскы аймактардагы балдар үчүн шарттарды түзүү маселесине басым жасалды.
Д.Кендирбаева ченемдик стандарттарды өркүндөтүү, педагогикалык кадрларды даярдоо, инклюзивдүү ыкмаларды колдонуу жана кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдерди ишке ашыруу иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле үй-бүлөлөрдү колдоо, ата-энелердин жоопкерчилиги жана бул системага жеке секторду тартуу маанилүү экенин кошумчалады.

Сессияда баланы кароо боюнча жеткиликтүү кызматтардын социалдык-экономикалык мааниси жөнүндө да кеңири сөз болду. Мындай демилгелер аялдардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ишкердикти өнүктүрүүгө жана үй-бүлө бакубаттуулугун чыңдоого өбөлгө түзөрү белгилүү. Муну менен катар аялдардын эмгек миграциясын эске алуу менен өлкө ичинде жумуш орундарын түзүү, аялдардын социалдык ишкердигин колдоо жана гендердик насыялоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу зарылдыгы баса белгиленди. Бул чаралар аялдарга кесиптик ишин үй-бүлөлүк милдеттери менен айкалыштырууга чоң шарт түзөт.
Жыйындын соңунда Кыргызстандын, Кук аралдарынын, Филиппиндин жана Вануатунун өкүлдөрү балдарды багуу жана адистерди даярдоо боюнча улуттук тажрыйбалары менен бөлүштү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”