ЖАШ ТАЛАНТТАР — КЕЛЕЧЕКТИН ЧЕМПИОНДОРУ

  • 16.11.2026

Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары эл аралык футболдук турнирде ийгилик жаратышты

Спорт — ден соолуктун булагы гана эмес, жаш муунду тартипке, жоопкерчиликке, ынтымакка жана жеңишке тарбиялаган чоң мектеп. Айрыкча футбол балдарды бир максатка бириктирип, командалык рухту, өз ара сый-урматты жана жеңишке болгон умтулууну калыптандырат.

Мунун бир далили — Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучуларынын Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн эл аралык футболдук турнирге катышып, татыктуу оюн көрсөтүп кайтышы. ЖАШ ТАЛАНТТАР — КЕЛЕЧЕКТИН ЧЕМПИОНДОРУ

Жаш футболчулар «Global Cup – Golden Kids» аттуу эл аралык мелдеште күч сынашып, атаандаштарынан бир жаш кичүү болгонуна карабастан, «бронзовый сеткада» 3-орунду ээлешти. Бул жетишкендик балдардын тынымсыз машыгуусунун, аракетинин жана машыктыруучулардын эмгегинин үзүрү.

Бир жаш улуу атаандаштар менен болгон таймаш

Турнирге даярдык бир ай мурда башталган. Команданын машыктыруучусу Нурадил Таштанбеков айтымында, мындай эл аралык сапарлар жаш футболчулардын даярдыгын текшерип, оюн деңгээлин аныктоого жана тажрыйбасын арттырууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, эки тайпага бөлүнүп күч сынашкан. Биздин команда 2012-жылы туулган балдардан түзүлүп, 2011-жылы туулган улуу курактагы оюнчулар менен беттешкен.

«Атаандаштардын деңгээли жогору болду. Себеби алар бизден бир жаш улуу оюнчулар эле. Ошого карабастан, балдарыбыз өздөрүн жакшы көрсөтүштү. Эң негизгиси, оюн учурунда бири-бирин колдоп, командалык биримдикти сактай алышты», — дейт машыктыруучу Нурадил Таштанбеков. ЖАШ ТАЛАНТТАР — КЕЛЕЧЕКТИН ЧЕМПИОНДОРУ

Футбол — жеңиш гана эмес, тарбия мектеби

Машыктыруучунун белгилешинче, Ташкентке болгон сапар балдар үчүн футболдук мелдеш менен гана чектелген жок. Алар шаардын кооз жерлерин көрүп, жаңы чөйрө менен таанышууга да мүмкүнчүлүк алышты. Тактап айтканда, «Magic City» паркы, Sky Park оюн-зоок борбору, Чорсу базары жана башка кызыктуу жайларды кыдырышты.

«Мени өзгөчө кубандырганы — балдардын ынтымактуулугу. Оюнда утулуп жаткан учурларда да бири-бирин колдоп, дем берип турушту. Футболдо жеңишке жетүү гана эмес, жеңилген учурда да сабырдуулукту сактап, командалаштарыңды колдой билүү маанилүү. Мындай сапарлар балдардын өз алдынчалыгын, жоопкерчилигин жана дүйнө таанымын өнүктүрөт», — дейт машыктыруучу.

Алдыда дагы чоң максаттар бар

Нурадил Таштанбековдун айтымында, жаш футболчуларды эл аралык мелдештерге көбүрөөк катыштыруу — негизги максаттардын бири. Келечекте Алматы, Ташкент, Түркия жана Кытай шаарларына сапарларды уюштуруу пландалууда.

Ал эми Кыргызстанда футболду өнүктүрүү үчүн мектептер аралык мелдештерди көбөйтүп, балдардын кичинекей кезинен спортко тартылышына шарт түзүү зарыл. Ошондой эле заманбап спорттук аянтчалар, керектүү жабдуулар жана сапаттуу машыгуу шарттары жаш таланттардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Машыктыруучу жаш футболчуларга кайрылып, футболду сүйүүгө, талыкпай эмгектенүүгө, машыгуудан качпоого жана бири-бирин колдоп, команданы сыйлоого чакырды. ЖАШ ТАЛАНТТАР — КЕЛЕЧЕКТИН ЧЕМПИОНДОРУ

Жаш таланттардын арасынан келечектеги чемпиондор чыгат

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — бул эл аралык турнирге Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү 8-классынын окуучусу Умар Анарбаев да катышып, өзүнүн футболдук жөндөмүн көрсөтүп кайтты.

Албетте, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, алардын жөндөмүн өнүктүрүү жана чоң максаттарга жетүүсүнө колдоо көрсөтүү — коомчулуктун жалпы милдети. Бүгүн футбол талаасында тажрыйба топтоп жаткан балдар эртең өлкө намысын коргогон мыкты спортчулардан болушу толук мүмкүн.

Ташкенттеги эл аралык турнир жаш футболчулар үчүн жаңы тажрыйбанын, достуктун жана чоң максаттарга карай жасалган дагы бир кадамдын башаты болду. Бир жаш улуу атаандаштар менен күч сынашып, 3-орунду багындыруу — алардын аракетинин татыктуу жыйынтыгы.

Жаш футболчуларыбызга мындан аркы мелдештерде ийгилик, машыктыруучусу Нурадил Таштанбековго түйшүктүү эмгегинде үзүр каалайбыз!

 

Айдай Джолчубековна

Аида Карыбековна

 

Бөлүшүү