СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

  • 05.05.2020
  • 0

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо алдында Кара-Кулжа районунун Алайку айылынын атуулу Атамбай уулу Осектин согушта дайынсыз жоголгон Исмаил баласынын табылганы алардын үй-бүлөсү үчүн чоң жаңылык болду. Россия Федерациясы тарабынан уюшулган “Эскерүү жолу” (“Дорога памяти” ) аттуу долбоорунун алкагында согуштан дайынсыз келбей калган Осеков Исмаил тууралуу маалымат жана атайын электрондук шилтемелер аркылуу анын сүрөттөрүн, согуш мезгилиндеги акыркы документтери менен туугандары таанышып, сүйүнүчтөрү койнуна батпай турган чак. Осековдордун үй-бүлөсү үчүн Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамы эстен кеткис майрамга айланды. Бул тууралуу бизге Ош шаарынын №3 М.В.Ломоносов атындагы мектептин директору Гүлмира Осекова билдирди.

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

Өмүрү өрнөк инсандар

— Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аңыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүлөрүн калтырып кетишти. Улуу Манастан бери келаткан даңазалуу жолду улап, ар бир кыргыз Мекен үчүн жеңишти камсыздоо үчүн жан аябай кызмат кылышкан. Чоң атабыз Атамбай уулу Осек да өз салымын кошуп, мал-мүлкүн сатып бар тапканын, акчасын төккөн. Улуу баласы Исмаил Осеков жоокерлердин катарында согушка катышып, колунан жараат алып келген. Кайрадан 1943-жылы согуш майданына аттанып, дайынсыз кайтып келбей калган. Ал эми андан кийинки уулдары Осеков Абыл, Осеков Качыбектер да жашы жетпеген өспүрүмдөр болгондуктан эмгектенишип, мекенибизге жардамын берген. Осек аксакалдын жубайы Асыл энебиз өтө кайраттуу, тың,  аялдарга тиешелүү бардык асыл сапаттарга ээ инсан эле. Ал төрт уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Уулдарынын бардыгы элге кызмат кылган, мекен үчүн жан аябаган патриоттор эле, — дейт Гүлмира Осекова.

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

Осеков Арын

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

Осеков Ибраим

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

Осеков Качыбек

СОГУШТА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН ИСМАИЛ ОСЕКОВ ТАБЫЛДЫ

Осеков Абыл

Улуу баласы Исмаил өтө сабаттуу, колхоздо башы көрүнгөн жигит экен. 1941-жылкы согушка катышып, кайтпай калган. Экинчи уулу Абыл өмүр бою эл үчүн кызмат кылып, бир нече жылдар колхоздо башкарма, райондук комитет болуп иштеген. Үчүнчү уулу Качыбек жашынан мугалимдик кесипке баш коюп, бир нече жылдар мектеп директору кызматын аткарып, окуучуларынын жүрөгүнөн түнөк тапкан үлгүлүү, ардактуу кесип ээси болду. Андан кийики уулу Осеков Ибраим да эл-жер үчүн жанын аябай иштеп, колхоздо башкы эсепчи, совхоздун парткому жана айыл өкмөтүндө кызматтарын аткарды.

Осек аксакалдын көкүрөк күчүгү, кичүү уулу Арын өмүр бою агартуу кызматында эмгектенип, окуучуларына англис тилин үйрөтүп, канчалаган жылдар окуу иштерин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Азыркы кезде он баланы тарбиялап, ардактуу эс алууда.

— Россия Федерациясы тарабынан уюшулган “Эскерүү жолу” (“Дорога памяти” ) долбоорунун алкагында согуштан дайынсыз келбей калган Осеков Исмаил абабыз тууралуу маалымат алдык жана атайын электрондук шилтемелер аркылуу сүрөттөрүн, согуш мезгилиндеги акыркы документтери менен тааныштык. Чоң атабыз Осек жана Асыл чоң энебиз көзү өткөнчө: ”Исмаил, балам жарк этип Жеңиш менен кирип келет …” деген үмүт менен өмүр бою күтүп жүрүштү. Баары кубанычы да, арманы да, балдарына болгон сүйүүсү, чексиз ата-энелик мээрими да көкүрөгүндө коргошундай уюп, өздөрү менен кете берди… Исмаил абабыз Белорусь фронтунун 174 аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, Белорусиянын Витебск облусунун Дубровненский районунун Днепр жээгинде Россосна кыштагын коргоодо оор жарадар болуп, кийин госпиталда 1943-жылдын 16-ноябрында каза болгондугу тууралуу согуш бүткөндүгүнөн кийин 75 жылдан кийин гана билдик. Жогоруда айтылгандай, биздин да аталарыбыздын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан-муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз болуп калат, — дейт Г.Осекова.

Аталардын даңктуу жолун улантуу, Мекенди көздүн карегиндей коргоо — биздин ыйык парзыбыз жана милдетибиз.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер