«СОГУШ ЖАНА ЖЕҢИШ ЖӨНҮНДӨ»

  • 04.05.2020
  • 0

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борбору “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү жана окуу-усулдук борбору тарабынан жарыяланган Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Согуш жана Жеңиш жөнүндө» ырларга көркөм окуу сынагы баштады.

«СОГУШ ЖАНА ЖЕҢИШ ЖӨНҮНДӨ»

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Э.Эргешовдун берген маалыматы боюнча, сынакка 6 жаштан 17 жашка чейинки таланттуу, көркөм окууга шыктуу жаш өспүрүмдөр жана ийрим окуучулары катышты.

«СОГУШ ЖАНА ЖЕҢИШ ЖӨНҮНДӨ»

— Сынактын негизги максаты — Кызыл Армиянын катарында салгылашкан жоокерлердин эрдигинин жана баатырдыгынын үлгүсүндө тарбиялоо, өз жерин сүйүү, жарандык көз карашын калыптандыруу, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларын, ардагерлерин урматтоого тарбиялоо жана жөндөмдүү, таланттуу балдарды колдоо, — дейт Э.Эргешов.

«СОГУШ ЖАНА ЖЕҢИШ ЖӨНҮНДӨ»

«СОГУШ ЖАНА ЖЕҢИШ ЖӨНҮНДӨ»

Кароо-сынак кыргыз жана орус тилдеринде онлайн форматында өткөрүлүп, ага жалпысынан 700 дөн ашык окуучу катышып, алардын ичинен эң мыкты деп табылган 75 окуучунун эмгектерин республикалык турга жөнөтүү жагы комиссия тарабынан каралды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер