СОГУШ ОТУН КЕЧКЕН ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ДАҢК

  • 16.02.2021
  • 0

Мындан туура 32 жыл мурун 1989-жылдын 15-февралында  Ооган согушу аяктап, Советтик аскерлер Афганистандан  чыгып, өз мекенине кайтышкан. Мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлердин эмгегин даңктоо жана аларды эскерүү максатында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Афган ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга институттун окутуучулары жана студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшү абдан кызуу уланды. Анткени жаштарды кызыктырган суроолорго каармандар өзгөчө дем менен, өзгөчө сүр менен жооп беришип, эркин форматта маек курушту. Ооган согушунун отун кечкен ардагер агайлар  согуш талаасы тууралуу кенен ой бөлүштү.

Ардагер коноктор оор тагдырга туш кылган бул күндөрдү эскерүү оңой эмес экенин жана андагыдай согуш талаасын көрүү мындан кийин башка эч кимдин башына салбасын кааларын айтышты. Аны менен бирге согуш бүткөндөгү толкундоо сезими өзгөчө күч, сөз менен жеткире алгыс баалуу сезим экенин баса белгилешти.

Афган согушу далай адамдардын жүрөгүнө өчпөс дак калтырды. Аны эскерип гана тим болбостон, ардагерлерге социалдык жардам жана материалдык колдоо көрсөтүп, алардын мекен үчүн жасаган эмгектерин даңазалап жүрүү биздин милдет экени талашсыз. Андыктан майрамдын урматына ардагер агайларга окуу жай жетекчилиги тарабынан 5000 сомдон сый акча берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер