Сиздей асыл адамдар — элдин сыймыгы, коомдун байлыгы!
- 03.06.2026
- 0
Урматтуу Бакдөөлөт Махмудовна!
Сизди 80 жаш мааракеңиз – кутман курагыңызды терең урматтоо менен ак дилден чыккан эң жакшы каалоолорубузду билдирип куттуктайбыз!
Сиздин өмүр жолу – бүтүндөй бир муунга үлгү болгон эмгек, билим жана адамгерчиликтин даңазалуу жолу. Ысык-Көлдүн касиеттүү өрөөнүндө мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, бала кезден билимге болгон сүйүү менен тарбияланып, өмүрүңүздү илим-билимге, жаштарды тарбиялоого арнадыңыз.

Эмгек жолуңузду жөнөкөй лаборанттыктан баштап, мугалим, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, илимий кызматкер, жетекчи кызматтарына чейин татыктуу аркалап келдиңиз. Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиз менен чоң из калтырдыңыз. Өзгөчө химия илимин окутуу методикасын өнүктүрүүгө жана педагогикалык илимдин өсүшүнө кошкон салымыңыз баа жеткис.
Сиздин жетекчилигиңизде жана таалим-тарбияңызда миңдеген студенттер билим алып, турмуш жолуна багыт алышты. Ар бир шакиртиңиз Сизди терең урматтоо менен эскерип келет. Илимий эмгектериңиз, кандидаттык жана докторлук диссертацияларыңыз, педагогика илимдеринин доктору деген ардактуу наамыңыз – Сиздин талыкпас эмгегиңиздин жана зор интеллектуалдык дараметиңиздин далили.
Сизге берилген “Элге билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана башка сыйлыктар – өлкөбүздүн Сиздин эмгегиңизге берген жогорку баасы.
80 жаш – бул жөн гана сан эмес. Бул – турмуштун чоң мектебинен өткөн, акылмандыкка жеткен, эл урматына татыган улуу курак. Сиз бүгүнкү күндө да айланаңыздагыларга акыл-насаатыңызды айтып, адамгерчилик менен жөнөкөйлүктүн өрнөгү болуп келесиз.
Урматтуу Бакен эже!
Сизге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, үй-бүлөлүк бакыт жана балдарыңыздын, неберелериңиздин сый-урматында узак өмүр сүрүүнү каалайбыз. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүз кубанычка толуп жүрө берсин.
Сиздей асыл адамдар – элдин сыймыгы, уул-кыздарга өрнөк, коомдун байлыгы.
80 жаш мааракеңиз кут болсун! Өмүрүңүз узун, жолуңуз жарык, дөөлөтүңүз мол болсун!
Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы
Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жалпы жамааты.
Комментарийлер