СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

  • 10.03.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде 8-март -Аялдардын эл аралык күнүнө арналган “Сиз мугалим, мен студент” аттуу чоң салтанат болуп өттү. Колледждин администрациясы үч датаны бир майрамдоону чечишти: 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү, 5-март — Ак калпак күнү жана 8-март — Аялдардын эл аралык күнүн. Окуу жайдын жалпы жамааты салтка айланып келе жаткан майрамды жылуу маанайда өткөрүштү.

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

Окуу жайдын эркек мугалимдери менен студенттери ушул күнү улуттук маданий мурасыбызды кылымдан кылымга калтыруу жалпы элдик милдет экенин тастыкташып ак калпакчан келишти. Кыргыздын улуттук баш кийими бүгүнкү жаштарды мекенчилдикке, атуулдук ар-намыска болгон сезимди дагы бир ирет ойготкондой болду.

— Ал эми жадыраган жаз менен бирге келген 8-мартты белгилөө ар бирибиздин парзыбыз. Күнүмдүк жашообуз аныктап тургандай аялзаты аркылуу жашообуз көрктүү жана ырахаттуу. Адатта аялдар жөнүндө, алардын түгөнбөгөн түйшүгү жөнүндө күн сайын айтылбаганы менен 8-март күнү колдон келишинче сый-урмат көрсөтүлөт. Студенттер менен окутуучулардын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармачылык ишмердүүлүгүн ойготуу, маданий-массалык иш-чараларга тартуу жана жеке кызыгуусун өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатында “Сиз мугалим, мен студент” кароо-сынагы өткөрүлдү, — дейт колледждин директору, билим берүүнүн мыктысы, техн.и.д., профессордун м.а. Жыргалбек Шаршембиев.

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

Кароо-сынакка беш бөлүмдөн мугалимдер жана студенттер (каалаган курстан, каалаган санда) катышты. Катышуучулар саламдашууда үй тапшырмаларын аткарышты. Анда 23-февраль — Ата мекенди коргоо күнү, 5-март — Ак калпак күнү, 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата берилген 5 мүнөттө чыгармачылыктарына жараша видеороликтерди колдонушту, юмордук багытта да өнөрлөрүн көрсөтүүгө жетишишти. Ал эми вокалдык аткарууда эстрадалык, элдик ырлар, хор, трио, квартет ж.б. видеороликтер, сценка менен коштолуп, абдан кызыктуу болду. Интермедия, күлкүлүү комедиялык сценка, тамашоу ж.б. көрөрмандардын купулуна толду. Акыркы тапшырмада катышуучулар  бий өнөрүн көрсөтүштү.

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

— Жобого ылайык ар ким өз идеясына (фантазиясына) жараша көркөмдөп коюуга уруксат берилген. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныкташ үчүн сырттан көз карандысыз, чыгармачыл топтон турган калыстар тобу чакырылып, катышуучулардын чогулткан упайларын эсептеп жеңүүчүлөрдү аныкташты. Бөлүмдөрдүн ортосунда атаандаштык абдан күч алды. Жыйынтыгында 1-орунга, бирдей упай топтоп, эки бөлүм чыкты, — дейт колледждин директорунун орун басары Адила Рысалиева.

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

СИЗ МУГАЛИМ, МЕН СТУДЕНТ

Ошентип 1-орунга “Маалыматтык техникалык колдоо жана аралыктан окутуу” бөлүмү менен “Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмү чыгышыты. 2-орунга “Жалпы билим берүү” бөлүмү  татыктуу болду. Ал эми 3-орунду “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” бөлүмү камсыздады. Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Албетте, кароо-сынак чакан концерттик программа менен коштолуп турду.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер