Синьцзяндын делегаттары БМУда

  • 01.04.2024
  • 0

Бүгүн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз мырза баш болгон делегация келет.  Жогорку окуу жайлардын 70тен ашык өкүлү окутуучулар, волонтёрлор менен жолугуп, университеттеги Конфуций институтунун ишмердиги менен таанышат.

Жолугушууда маданият жана билим берүү тармагындагы өз ара кызматташуу маселелери талкууланып, иш сапардын алкагында Синьцзян университетинде “Бишкек мамлекеттик университетинин илим-билим берүү борборун биргелешип түзүү жөнүндө» келишимге расмий кол коюу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө университетте жайгашкан «Кытай китепканасы» менен таанышуу пландалууда. Ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун 10 университетинин маалымат аянтчасы уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер