«СИНГАПУР БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ: ПАРАДОКСТОРДУН КҮЧҮ» КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 23.12.2020
  • 0

22-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Сингапур билим берүү системасы: Парадокстордун күчү» аттуу китептин бет ачары өттү. Аталган китеп “Bugupress” маалымат агенттигинин, “Баластан” журналынын директору Жаныбек Абидетегиндин жетекчилиги алдында кыргыз тилине которулган.

«СИНГАПУР БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ: ПАРАДОКСТОРДУН КҮЧҮ» КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

“Сингапур өлкөсү 1965-жылы эгемендүүлүк алгандан баштап эле билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, армиядан кийин эле эң көп акчаны билим берүүгө салган. Алар эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнүн үчтөн бир бөлүгүн дароо эле мугалимдикке алып калышкан. Бүгүнкү күндө бул өлкө заманбап билим берүү системасы боюнча дүйнөдө алдыңкылардын сап башында  турат. Сингапур өлкөсү улуттук менталитет менен заманбап баалуулуктарды айкалыштырып, өздөрүнүн бир билим берүү системасын түзүп чыгышкан. Ошондуктан бул өлкөнүн билим берүү системасы кыргыз коомуна ылайыктуу деп ойлойм”,- деп билдирди Жаныбек Абидетегин.

«СИНГАПУР БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ: ПАРАДОКСТОРДУН КҮЧҮ» КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

Ал эми «Сингапур билим берүү системасы: Парадокстордун күчү» китебинин автору Эң Пак Ти түпнускасы англис тилинде жазылган эмгегинин башка тилге которулганына кубанганын айтып, видео кайрылуу жиберген.

«СИНГАПУР БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ: ПАРАДОКСТОРДУН КҮЧҮ» КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖАРЫК КӨРДҮ

“Сингапурдун билим берүү системасы дайым өзгөрүүнүн  үстүндө. Менин китебим Сингапурдун 50 жылдык өзгөрүү аракетинде үйрөнгөн нерселерин дүйнө эли менен бөлүшөт. Эл билим берүүгө маани берип, ишенгенде гана жаш муундун келечеги кең болот. Бул китеп Борбордук Азияда жана КМШнын арасында эң биринчи болуп которулуп, чыгып жатыптыр. Китебимди же анын котормосун окуган ар бир окурманыма ыракмат айтам”,- деп айтылган видео кайрылууда.

Китепти кыргыз тилине Адамата Алишер уулу которгон. Жалпы китепти которууга бир жылга жакын убакыт кетип, терминдерди которууда кыйынчылыктар болгон.

“Китепте келечек муундун жаркын келечегин камсыздаш үчүн, азыркы муун өзүн-өзү курмандыкка чалыш керек деген цитата бар. Биздин өлкөдө жаш муундун келечеги жөнүндө ойлонгон киши жоктой сезиле берет. Ошол себептен китепти которууну туура көрдүк”, — дейт Алишер уулу.

Белгилей кетсек, китеп алгач 2017-жылы англис тилинде жарык көргөн. Кийинчерээк украин, түрк, испан тилдерине которулса, кыргыз тилине төртүнчү болуп которулду.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер