СИ ЦЗИНЬПИН С.ЖАПАРОВДУ ЖОГОРКУ ИШЕНИМ МЕНЕН ӨНӨКТӨШ КАТАРЫ КАБЫЛ АЛДЫ
- 07.02.2025
- 0
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары маанилүү окуя болуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү максатында жүргүзүлдү. Кытай бийлиги Жапаровду жогорку деңгээлдеги конок катары кабыл алып, аны менен маанилүү келишимдерди түзүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулду. Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
— Си Цзиньпин Жапаровго жогорку ишеним менен мамиле кылып, өнөктөш катары кабыл алды. Бул эки лидердин ортосундагы жакын мамиле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанисин көрсөтүп, алдыда дагы тереңдетип, ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк ачат. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин бекемдиги жана өнүгүшү эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүүнү күчөтүүгө өбөлгө түзөт. Кытайдын жаңы жылынан кийинки эң алгачкы конок катары Садыр Жапаровдун кабыл алынышы айрыкча маанилүү окуя болуп эсептелет. Кытай маданиятында жаңы жылдын башталышы жаңы башталыштарды, бакытты жана ийгиликтерди алып келүүчү маанилүү мезгил катары каралат. Ошондуктан, жаңы жылдын эң алгачкы күндөрүндө жогорку деңгээлдеги конокторду кабыл алуу Кытай үчүн өзгөчө мааниге ээ, — дейт белгилүү журналист Чынара Капарова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер