ШВЕЙЦАРИЯГА ЖУМУШЧУ САПАР: ИЛИМИЙ-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ

  • 08.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Швейцария Конфедерациясында жумушчу иш сапары менен жүрөт. Сапардын максаты — эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, Швейцариянын алдыңкы университеттери, илимий борборлору жана жогорку технологиялык компаниялары менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү.ШВЕЙЦАРИЯГА ЖУМУШЧУ САПАР: ИЛИМИЙ-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫМинистр сапардын алкагында дүйнөдөгү алдыңкы техникалык жогорку окуу жайлардын бири — Лозаннадагы Федералдык политехникалык мектепке (EPFL) барды. Бул окуу жай QS World University Rankings 2026 эл аралык рейтингинде 22-орунду ээлейт. Жолугушууда Гульзат Исаматова университеттин президенти, профессор Анна Фонткуберта-и-Морраль менен кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Тараптар биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, докторанттарды даярдоо, биргелешкен лабораторияларды түзүү, ошондой эле жасалма интеллект жана инженерия жаатында иштешүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Министр университет жетекчилигине таланттуу жаштарды колдоого багытталган «Эл Үмүтү» мамлекеттик стипендиялык программасы тууралуу маалымат берип, кыргызстандык студенттерди EPFLде даярдоого кызыкдарлыгын билдирди.ШВЕЙЦАРИЯГА ЖУМУШЧУ САПАР: ИЛИМИЙ-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫМындан сырткары, делегация коопсуз чечимдер жана санариптик ишеним жаатындагы дүйнөлүк лидер саналган «SICPA» технологиялык компаниясына барды. Анда Суверендүү технологиялар борборунун (Sovereign Technology Center) жана «Unlimitrust Campus» инновациялык экосистемасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, санариптик технологиялар боюнча өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү.

Бул маанилүү жолугушуулар Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Сапардын жыйынтыгында тараптар академиялык жана инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашышты.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер